Ак-Таш топоним. Валиханов жазып алган эпизоддо: Козу башы, Копого, Койдун жүнүн аламын. Үлкөн Ак-Таш барамын Үй жаптырып аламын (Валиханов жазып алган эпизод «Ала-Тоо», 1979, № 7, 14-б.),— деп Бокмурун атасы Көкөтөйдүн ашын берерде өзүнө караштуу ногой элин А. Т-ка көчүрүп барарын айтат. Географиялык реалияда Иле же Күңгөй Ала-Тоонун тескейиндеги бир нече. А.-Т-тардын бири. Ак таяк — кандардын, бектердин эшик сакчысы. Эпосто Алмамбет баатырдын Көкчөдөн кетишине байланыштуу окуяда төмөнкүчө эскерилет: Эсине албай эчтеме, Эр Алмамбет кириптир, Эшиктеги ак таяк Эсеттердин Бөкөсү Эшик ачып ийиптир (Сагымбай Орозбаков, 2. 257). Актулпар — Темиркандын тулпары. Темиркан өзүнүн ордуна Семетейди кан шайлаганына арнап өткөргөн тойдогу ат чабышта А-ды байгеге кошот. Ал Каныкейдин алтымыш асый Тайтору баш болгон 361 күлүк ат менен чабылып күч сынашат. А. чуркаган сайын кызып сынына келет. Каныкейдин эскерүүсү боюнча: Атакем Темиркандын Актулпар Теги күлүк мал эле. Кара байыр, казанат Калбыр өпкө, жез билек Канаты бар жан эле (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 99),— деп өзгөчө апыртылып сыпатталат. Бирок, А-дын «канаты бар жан экени» жомоктук-фантастикалык маанайда канчалык апыртылып айтылбасын, эпос чагылдырган доор менен шартталган, жерде жашоого ылайыкташкан, кадимки эле күлүк аттардай сүрөттөлөт. А-дын негизги касиети чаалыкпас, чарчабас, күлүктүк сапаты менен байланышкан. Мына ушундай өзгөчөлүккө ээ А. учкаяк күлүктөрдүн күлүгү күч сынашкан бул жарышта марага Тайторудан кийин экинчи болуп келет. Семетей Букардан Таласка биринчи жолу барганда, жаш баласынын алыскы жолго чыкканынан жана Абыке, Көбөш сыяктуу жоосуна жолугушуудагы чырдан кооптонгон Каныкей кадырын салып атасынан А-ды сурап берет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4