Ак-Төө мөңгүсү
Актөө мөңгүсү – Кичи-Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 6,0 км, аянты 3,5 км2, көлөмү 0,24 км3. Кыргызата суусунун сол куймасы – Чилисайдын алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4900 м, этеги 3850 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4250 м. Абляция облусунун аянты 1,8 км2. Мөңгү тартылууда. Андан Ак-Төө суусу башталып, Кыргыз-Ата суусунун сол куймасы Чилисайга оң жактан куят.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргызстандын географиясы Archived 2014-07-14 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2
Шилтемелер
түзөтүү
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|