Ак-Чуңкур үңкүрүСары-Жаз суусунун оң жээгиндеги неолит дооруна (биздин заманга чейин 6–5 миң жылдык) таандык адамдар жашаган акиташ тектүү асканын боорундагы үңкүр. Эчкилиташ аскасында, деңиз деңгээлинен 3150 м бийиктикте жайгашкан. Ак-Суу районунун аймагында. Үңкүрдүн ичи кенен, бийиктиги 2–4 м, узундугу 26 м, жазылыгы 4 м.

Ак-Чуңкур үңкүрүнүн жанында.

Үңкүр эки ярустан турат. Үңкүрдүн боорунда жошо менен тартылган теке, жыландын сүрөттөрү, ошондой эле кийинчерээк кара боёк менен түшүрүлгөн белгилер (несторий крести, тамга менен жазылган жазуулар) бар. Үңкүрдөн табылган текенин мүйүзүнүн көңдөйүндө байыркы жошо сакталып калган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү