Ак-кайың (Береза повислая), (лат. Betula pendula Roth.) - кайыңдар тукумундагы дарак жана бадал өсүмдүк.

Ак-кайың.

Бийиктиги 25 жге жетет. Майда гүлдөп, июнда мөмө байлайт. Гүлдөрү салаалап, сөйкөчөдөй төмөн түшүп, топтолуп турат. Жарык жерде жакшы өсөт.

Кайың жайында кыртыштан суткасына 40 чакадай ным соруп алат. Дарылыкка эрте жазда ширеси шорлонуп бүткөн жалбырагын жана кабыгын пайдаланат. Анын ширесин алуу үчүн жайында кабыгын тилип, ага идиш коюп, тунук, таза суусу чогултулуп алынат. Ал аш казанды тазалоодо колдонулат.

Кайындын кабыгьш кайнатьш кызамык чыккан баланы киринтсе, ал тез кайтып, адатта андан кала турган кычышма котурду болтурбайт. Кайыңды аралап, андан түшкөн таарындыны тамекидей ороп тарттырса, араккечтерди кустуруп, кайра табитин аракка чаптырбайт. Анын бүчүрүн жыйнап, кургатып талкалап, 0,5 л сууга 50 г кошуп 10-15 мүнөт кайнатып, 1 күн коюп, чыпкаланган тундурмасы бөйрөк, боор, жүрөк ооруларына күнүнө 100 гдан 2 жолу бир ай берилет.

Денеге жыйналган сары сууну, колубуттун шишигин кетирет. Кургатылган жалбырагы менен бүчүрүн алгач гүлдөгөндө жыйнап алып кайнатып ичсе, заара менен толуп кеткен өттү айдайт. Ошондой эле жүрөктүн булчуң этинин кызматын жакшыртат.

Жалбырагы менен бүчүрүнөн даярдалган күкүмдүн бир чай кашыгын 0,5 л кайнаган сууга чай сыяктуу демдеп, күнүгө бир аш кашыктан 20 күн ичет. Куяң, кызыл жүгүрүк (ревматизм) менен ооруган адам кайыңдын жалбырагын кайнатып алып аны менен күн сайын жатаарда буулануу керек. Ал продедураны 10 күн жасап, 5-6 күн дем алып, кайрадан 30 күн ванна алуу керек. Кайыңдан алынган кара майды кычыткы, котур, жарага жапса табылгыс дары. Анын ширеси адамдын организмине керектүү заттарга бай.

Күнүгө 4-5 стакандан суусундук ордуна ичип жүрсө денедеги зат алмашуу жакшырып, ашказандын дартын азайтат. Дарылыгы: ички, тышкы ар кандай дартка даба. Ачытылган түрүн рак ооруларына колдонсо болот. Өтө уулуу болгондуктан этияттык менен пайдалануу абзел.

Даярдалышы: кайыңдын ширесинен даярдалган ачытманы сүт же бал аралаштырып колдонуп, өлчөмү азаздап жогору көтөрүлөт. Эгерде пайдаланганда кыйналып, шалдыраса кайнак сүт же кайнак сууга марганцовканы мала салып, ичирип кустуруш керек.

Эскертүу: Дарылоо табыптын гана көзөмөлүндө болуусу керек.

Өз алдынча дарыланууга болбойт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9