Кайыңдар (лат. Betula, L. 1753) – кайыңдар тукумундагы дарак өсүмдүктөрү. Жалбырагы кезектешип жайгашкан. Бир үйлүү, айрым жыныстуу. Аталык гүлдөрү сөйкөчөгө чогулган. Аталыгы 2-12. Энелик гүл тобу-машак сымал. Мөмөсү 1 уруктуу, жаңгак же жаңгакча канаттуу. К-дын 100 түрдү бириктирген 6 уруусу белгилүү. Түндүк жарым шардын мээлүүн жана суук климатына ыңгайланышкан. Жарык жерде жакшы өсөт. Жыгачынан баалуу эмерек жасалат. Жалбырак бүчүрлөрү дары-дармек жасоодо пайдаланылат.

Ак-кайың (Betula pendula).

Колдонулган адабияттар түзөтүү