Ак эчки - дөөлөс уруусунун курамындагы урук[1].

Болжолу, этникалык аталыштын чыгыш тегинде тотемдик негиз бар. Анткени, эзелтеден эчки-теке ж.б. кайберендер байыркы адамдарда аң уулоонун, бир эле учурда сыйынуунун объектиси болуп келген. Бул мифологиялык-тотемистик түшүнүк кыргыздын байыркы “Кожожаш” эпосунда да чагылдырылат. Параллели түркмөндөрдүн курамында “эркеч” формасында кездешери аныкталган[2].

Эскертүүлөр түзөтүү

  1. Төрөкан уулу, 1995,165.
  2. Атаниязов, 1988, 138.

Колдонулган адабияттар түзөтүү