Орто кылымдардагы кыргыз дипломатиялык термини. Ак үйлүү түшүнүгү орто кылымдардагы түрк тилдеринде барымта, о.эле тектүү жерден барымтага кармалгандар дегенди туюнтат. Урууну, элди баш ийдирип кармап туруу максатында, же болбосо эки мамл-тин ортосундагы өз ара түзүлгөн келишимдин кепили катары тектүү адамдардын балдарын барымтага кармоо байыркы ж-а орто кылымдар мезгилдерине мүнөздүү көрүнүш. Бул саясий-диплома-тиялык ыкманы кытай династиялары да пайдаланышкан. Көчмөн элдерде барымтага кармалгандар (же берилгендер) хан сарайына жакын жердеги ак боз үйлөрдө сыйлуу туткун денгээлинде, терең көзөмөл алдында турушкан. А. ү-нүн экинчи мааниси түркмөндөрдө, о. эле, каршилик көчмөн өзбектерде уруунун ээлеген чегин кайтарган, үй бүлө күтө элек боз уландардын тобун түшүндүрөт. Көчмөн элдерде байыртадан туруктуу сакталып келе жаткан эзелки барымта салты «Манас» эпосунда да чагылдырылган.

«Манас» эпосунда түзөтүү

Ак үйлүү — бийлик ээлери тарабынан көз каранды элдин көрүнүктүү, кадырлуу, өкүлдөрүн (баласын же өзүн) барымтага алуу. Үстөмдүк кылуучу бийлик ээси буйругун эки кылбай аткарып туруш үчүн ак үйлүү ыкмасын колдонушкан. Эпостун негизги варианттарындагы согуштук окуяларда эскерилет. Алтайдан Ала-Тоого көчүп келишкен кыргыздарды коркутуу максатында Алооке кан:

Өкмөттөн айрылып,
Өкүнбөс боло турсун деп,
Улуктуктан айрылып
Урушпас боло турсун деп,
Манас алам ак үйлүү,
Мага моюн сунсун деп (Сагымбай Орозбаков, 2. 178) Манастын өзүн ак үйлүүгө алмак болот.

Алоокенин зордукчул өкүмүнө каршы турган Манас анын өзүн багындырып:

Башкы балаң Боокени
Мага жалдап бериңиз!
Ак үйлүүгө алганым,
Ал сөзүмө көнбөсөң
Азыр бүгүн башыңа
Акыр заман салганым! (Сагымбай Орозбаков, 2. 196),— деп айтат.

Манас баатыр багынып берген Алоокеден балдары Бооке менен Кошабыштарды ак үйлүүгө алат. Кийин Бооке менен Кошабыш Манастын чоролору болуп калат. Ак үйлүү экинчи мааниде байлыктын жана бийликтин символу маанисин да билдирет.

Маалымат булактары түзөтүү