Алабугаттар - Россия Федерациясынын Калмык Республикасында жашаган түрк тилдүү этностук топ. Алабугат татарлары деген экинчи ат менен белгилүү болушкан бул этностук топ Каспий районунун Мангыт (Северное) айылын байырлашат. Изилдөөчүлөрдүн пикирлеринде алабугаттар түрк-монгол тектүү элдерден, анын ичинен ногой, кыргыз, түркмөн, казак, казандык татарлар, калмактардын аралашуусунан соң келип чыккан этностук топ. Материалдык жана руханий маданиятында жамаатташ жашаган калмактардын таасири байкалат. Этностук топтун курамында «кыргыз-бурут» аттуу уруу белгилүү. Изилдөөчүлөр кыргыз-буруттардын калмактардын Волга боюна 1758-ж. акыркы көчүүсүндө келишкендигин белгилешет. Утар-алабугаттардын ичинде кыргыз- буруттар эң сыйлуу, ак сөөк «кыргыз» уругун түзүшөрү маалым. Алабуга - энесайлык кыргыздарда тамакка жарамдуу балыктын аталышы катары белгилүү болгон. Бул этностук аталыш «балыкчылык менен кесиптенгендер» деген маанини да туюнтушу толук ыктымал.

Колдонулган адабияттар түзөтүү