Алагыр - моңолдор уруусунун курамындагы урук.

Этноним аркылуу кыргыздардын тунгус-манжур элдери менен эзелки тарыхый байланышын, бир эле учурда бүгүнкү кыргыздардын курамындагы тунгус-манжур компоненттерин байкоого болот. Ала+гыр: г и р / г ы р / г у р - эвенк тилинде “адамдар”, “урук”,“уруу” маанисин аныктайт. Мисалы, гурагир (гуран)-“жапайы теке уруу-су”, путугур-“каздар уруусу”, куктыгыр - “күкүк уруусу”, кандыгир-“өрдөк уруу-су” ж.б.[1]. Аталган эвенк урууларынын энчилүү аттары тотемизм менен түз байланышта келип чыккандыгы анык. Этноним алагыр “ала урук”, “ала түстүү уруу” маанисии туюндурушу толук мүмкүн. Мисалы, алакчын ж.б.


Эскертүүлөр түзөтүү

  1. Анисимов, 1951, 194.

Колдонулган адабияттар түзөтүү