Аламанов, Саламат Күлөмбекович

Саламат Күлөмбекович Аламанов
Географ Саламат Аламанов. 11.07.2012.
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Аламанов, Саламат Күлөмбекович
Туулган жылы: 1947-жыл 17-жетинин айы
Туулган жери: Ысык-Көл облусу
Өлкө: Кыргызстан желеги Кыргызстан
Иштеген кызматы: Кыргыз Республикасынын УИА Геология институтунун бөлүм башчысы
Ишмердүүлүгү: географ, картограф, педагог, чек ара адиси, элчи, мамлекеттик кызматкер
Альма-матер: Москва мамлекеттик университети, 1970-жыл
Илимий тармагы: география, картография, чек ара тарыхы
Мурда аткарган кызматтары:
  • КР Өкмөтүнө караштуу Чөлкөмдүк маселелер бөлүмүнүн башчысы (1997-2010)
  • КР ТИМинин атайын тапшырмалар боюнча элчиси (1995-1997)
  • КР УИА Геология институнун директорунун илим иштери боюнча орун басары (1989-1995)
Дипломатиялык даражасы: Кыргызстандын атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси (02.10.1999).
Наамы. Сыйлыктары: Кыргызстандын “Даңк” медалы (1999); Кыргыз Республикасынын Грамотасы (1993); ж.б.

Саламат Күлөмбекович Аламанов (орусча Саламат Кулембекович Аламанов; 1947-жылдын 17-ноябрында туулган) – Кыргызстандагы таанымал илимпоз, география илимдеринин кандидаты, элчи, чек ара маселелери боюнча ири адис.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Саламат Күлөмбекович Аламанов 1947-жылдын 17-ноябрында Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районундагы Темир айылында туулган. Айыл совет доорунда Темировка деп да аталган.

Өз айылында орто мектепти аяктаган.

1965-1970-жылдары Орусиянын ордосу Москва шаарындагы Москва мамлекеттик университетинде (МГУ) окуп, “гидролог” адистигине ээ болгон.

1970-71-жылдары “КыргызЖолУнааДолбоор” институтунда инженер болуп иштеди.

1971-73-жылдары Бишкекте Кыргыз мамлекеттик университетинин география факультетинде окутуучу болуп иштеген.

1973-1976-жылдары кайрадан Москвага келип, МГУнун аспирантурасында таалим алган.

1977-жылы МГУда кандидаттык ишин ийгиликтүү коргогон (илимий жетекчиси – профессор Александр Николаевич Вазнов болгон).

1976-77-жылдары Бишкектеги “Кыргызөнөрсуучарба” («Киргизпроводхоз») долбоор институтунда ага инженер болуп иштеген.

1977-89-жылдары Кыргыз Улуттук Университетинде география факультетинде окутуучу, ага окутуучу, доцент (1985-жылдан), гидрология жана метеорология кафедрасынын башчысы болуп иштеген.

1989-1995-жылдары Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунун география бөлүмүнүн жетекчиси, институттун директорунун илимий иштер боюнча орун басары болуп иштеген.

1995-1997-жылдары КР Тышкы иштер министрлигинин атайын тапшырмалар боюнча элчиси болуп иштеп, чек ара маселелери боюнча адистик жардамын берген.

1997-2010-жылдары КР Өкмөтүнө караштуу Чөлкөмдүк маселелер бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

2010-жылдан азыркы тапка чейин Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунун география бөлүмүнүн жетекчиси кызматын аркалап келет.

Илимий-педагогдук чыгармачылыгы түзөтүү

70тен ашуун илимий эмгектин автору.

Бул эмгектери экология, суу чарба, мамлекеттик чек араны тарыхый-географиялык жана укуктук жактан аныктоо ж.б. маселелерди чагылдырган.

Ара-чолодо КУУда, Бишкек гуманитардык университетинде, КР ТИМине караштуу Дипломатиялык академияда дарстар окуп келди.

Совет доорунда СССР жана Кыргыз ССР географиялык коомдорунда үзүрдүү иштеди, Кыргыз ССР Географиялык коомунун алгачкы вице-президенти болду; учурда Кыргызстан Географиялык Коомун жетектеп келет.


Атактуу устаттары, кесиптештери жана достору түзөтүү

Саламат Аламановдун устаты – кыргыздын белгилүү географы Садыбакас Өмүрзаков болгон.

Кыйла жылдар Саламат Аламанов КУУда окумуштуу тарыхчы Бейше Урстанбеков менен чогуу иштешип, аны менен коңшу жана ага-инидей жакын болгон.

С.Аламановдун кичүү кесиптеши - географ Темиркул Эшенкулов.

Саламат Аламанов география илими боюнча 4 кандидаттык ишке жетекчи болду (анын 3 диссертациясы кыргыз тилинде жакталган).

Үй-бүлөсү түзөтүү

Өмүрлүк жары – Калбүбү.

Төрт баласы бар: уулу Азат жана үч кызы - Тумар, Акбермет жана Сайкал.


Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

Кыргызстандын “Даңк” медалы (1999);

Кыргыз Республикасынын Грамотасы (1993); ж.б.

2008-жылы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун ардактуу атуулу болуп шайланган.

Эмгектеринин чакан тизмеси түзөтүү

  • Аламанов С.К. Исследование формирования и долгосрочный прогноз стока рек Северо – Западной Киргизии: Автореф. канд. дисс. - М.: МГУ, 1977.
  • Аламанов С.К. Некоторые пограничные и водно-земельные вопросы практической дипломатии Кыргызской Республики // Вестник, МУК, № 3 , 1999.
  • Аламанов С.К. Граница Кыргызстана приобретает законные контуры // Инф.-аналит. бюлл. «Кабар», 2003.
  • Аламанов С.К. Кыргызстандын мамлекеттик чегарасынын калыптанышы. – Бишкек, 2005.
  • Аламанов С.К. Место географических знаний в установлении государственной территории и государственной границы // Тюркоязычные страны: респ. научно-метод. и познавательный журнал. - №1. – 2012. - Алматы.

Кыскача адабият түзөтүү

  • Аламанов С.К., Айтматов А, Касымов Ч., Дисковский В. Карта-схема участков, на которых было проведено уточнение прохождения линии кыргызско -казахстанской государственной границы // Кыргызстан и Казахстан: граница дружбы и добрососедства, Б., 2004.
  • Мат-лы Центр.-Аз. конф-ии «Гражданское общ-во за партнерство по постр. мира и предотвр. конфл-ов в ЦА» 26-27 мая 2005 г. - Б., 2005.
  • Materials of Central Asian conf. «Civic Society for partnership in peacebuilding and conflicts prevention in Central Asia», May 26 – 27, Bishkek, 2005.
  • Метеорология и гидрология в Кыргызстане, КРСУ, Б., 2006.
  • Кыргызстан-Таджикистан: курс на укрепление партнерства в контексте региональных связей, Б., 2011.


Интернеттеги шилтемелер түзөтүү