Ноябрь
(«Жетинин айы» барагынан багытталды)
Октябрь – Ноябрь – Декабрь | ||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 |
22 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 | 28 |
29 | 30 |
Ноябрь же жетинин айы — Григориан жылнаамасы боюнча он биринчи ай болуп саналат. Байыркы римдиктер боюнча - тогузунчу катарда турат, анткени Цезардын реформасынан улам жыл башы март айынан башталчу.
- 1903, ноябрь — Пишпекте В.И.Лойцнер мыйзамсыз өкмөткө каршы басылмаларды жайылтууда.
- 1905, ноябрь — Кызыл-Кыя жана Сүлүктү жумушчуларынын толкундоолору.
- 1917, ноябрь — Кызыл-Кыя жана Сүлүктүдө Совет бийлигинин орнотулушу.
- 1926, ноябрь — “Коммунист” журналынын биринчи саны кыргыз тилинде чыккан.
- 1926, ноябрь — Фрунзе шаарында кыргыз музыка-драма студиясы ачылган.
- 1958, ноябрь — Кыргызстанда Коммунистттик эмгектин ударниги жана коллективи деген наам үчүн мелдеш башталган.
Булактар
түзөтүү- Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. (ISBN 9967-00-001-5). – 160 бет.
- Бейше Урстанбеков, Тынчтыкбек Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. Фрунзе, Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. ISBN 5-89750-028-2. Жалпы көлөмү – 288 бет.
- Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. - Том 1-6.
- Чоротегин Т.К., Өмүрбеков Т.Н. Кыргызстан тарыхы: Эзелки замандан VII к. башына чейин. Орто мектептердин 6-классынын окуучулары үчүн. - Бишкек, 2002.