Аламан байге - узак аралыкка чабылуучу күлүктөрдүн мелдеши. Аламан байге кыргызда байыртадан чоң аш-тойлордо, жалпы элдик салтанаттарда уюштурулуп келе жатат. Бул мелдеште байгелүү орун ээлегендерге уюштурган тарап шартына карата белек-бечкек ыйгарат. Аламан байгедеги соорундар алдын-ала элге жарыяланат.