Жарыя укук
Жарыя укук – жеке кызыкчылыкты (жеке укукту) коргой турган тармактан айырмаланып, ал жалпы жана жыйынды (жарыя) мамилелерди жөнгө салуучу укук тармактарынын жыйындысы. Буга төмөнкүлөр кирет: эларалык (жарыя) укук, конституциялык укук, административдик укук, каржы укугу, кылмыш-жаза укугу, кылмыш-жаза-процесстик укук ж. б. Укукту жарыя жана жеке деп бөлүү – роман-германдык укук тутумуна мүнөздүү нерсе.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|