Алангар - генеалогиялык маалыматтар боюнча дөөлөс уруусундагы айтамга уруктар тобунун түпкү атасынын аты[1]. Геноним.

Аланго - монгол мифологиясында бул элдин түпкү энеси катары эрте орто кылымдардардагы жазма маалыматтардан белгилүү. Аланго жана Бортечино жөнүндөгү уламыштар монгол элдеринин фольклорунда кенен чагылдырылат. Мындан сырткары, бурят-монгол тилдеринде Оло(н) - “көп”, “көптөгөн”, “сансыз” маанисин, ал эми “гар” - кыргыз тилине “кол”, “колдор” деген маанилерде которулат[2]. Демек, этникалык аталыштын (алап + гар) “көп сандуу”, “сансыз көп уруу, эл, уруулук топ, канат” маанисинде чечмелениши мүмкүн.

Эскертүүлөр түзөтүү

  1. Аттокуров, 1995, 204.
  2. Бурят- монгольско-русский словарь, 1959, 470.

Колдонулган адабияттар түзөтүү