Алатоо – азыркы таралган көз караштар б-ча жайы-кышы чокуларын ак кар, көк муз каптаган, алыстан алабула болуп көрүнгөн бийик тоолорду чагылдырган геогр. түшүнүк, термин, энчилүү ат.

Байыркы кыргыз тилинде ола, ула-улуу, зор, бийик деген маанини берген. Азыркы кезде да бийик тоолорду жергиликтүү эл жалпысынан «Улуу тоо» деп аташат. «Ала» деген түшүнүк байыркы ола, ула деген сөздөрдөн чыгышы ыктымал. Түрк тилдериндеги аладаг (түрк, азарбайжан, түркмөн), алатаг (уйгурча) ала-тау (казакча) алатуу (алтайча) ола-таг (өзбекче) ж. б. формалардын этимологиясы кыргызча «алатоо» деген сөздүн интерпретациясы. Кыргыз эли эзелтен бери мекендеген тоолордун жалпы атын Теңир-Тоо, Алатоо, айрым жерлерин Актоо, Кардуутоо, Музтоо деп атап келген. Буга Махмуд Кашкари (ХI к.) ж. б-дын тарыхый жазма адабияттарындагы маалыматтар далил боло алат. «Манас» ж. б.элдик оозеки чыгармаларда Алатоо, Теңир-тоо кыргыз жергесиндеги тоолордун жалпы аты катары көрсөтүлөт. Ушул эле пикирди Жеңижок, Тоголок Молдо ж. б. акындардын чыгармаларынан да көрүүгө болот. ХIX к-дын орто ченинен тартып Алатоо ил. эмгектерде, геогр. карталарда «Тянь-Шань» аталып калганын жергиликтүү эл европалык адабий булактардан билген. Бул Теңир-Тоо, Алатоонун кытайча сөзмө-сөз которулуп алынган мааниси экендиги азыр бизге маалим болду: теңир, асман – тянь, тоо – шань. Энциклопедиялык, маалыматтама, о. эле айрым окуу китептерде «Тянь-Шань» Теңир-Тоо деп берилген. Алатоо деген ат азыркы геогр. энчилүү аттарда сакталып калган; мисалы: Кыргыз Алатоосу, Талас Алатоосу, Иле Алатоосу, Күнгөй Алатоо, Тескей Алатоо ж. б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2