Күңгөй Ала-Тоо
Күнгөй Ала-Тоо – Түндүк Теңир-Тоодогу кырка тоо. Каркыра өрөөнүнөн Боом капчыгайына чейин кеңдик багытта 285 кмге созулат. Түштүгүнөн Ысык-Көл өрөөнү, түндүгүнөн Чоң-Кемин жана Челек өрөөндөрү менен чектешет. Кемин-Челек тоо тоому аркылуу Иле Ала-Тоосу менен туташат. Орточо бийиктиги 4200 м, эң бийик жери 4770 м (Чоктал чокусу). Тоо кескин асимметриялуу: түштүк капталы жантайыңкы, узак (15–20 км), түндүгү тик, чукул (6–9 км). К. А-до тектоникалык көтөрүлүүдөн пайда болгон рельефтин 3 ярусу бар. Жогорку ярусу палеозойдун аягынан миоцендин башталышына чейин пайда болуп, тоо кырларында (4000–4400 м, батыш жагында 2400–3800 м бийиктикте) пенеплен калдыктары түрүндө кездешет. Калган эки (ортоңку, төмөнкү) ярусу неогенантропогенде калыптанып, тектоникалык кыймылдын көчүшүнөн К. А. бийик тоого айланган. Адегенде (Рg–N) тектоникалык көтөрүлүүнүн ылдамдыгы жылына 0,02–0,04 мм болсо, кийин жылына 6 ммге жеткен. Антропоген мезгилинин орто ченинде тоолордун абсолюттук бийиктиги 3600–4000 м болгон. Андан бери да тектоникалык кыймылдар токтобой, чоң кыйроолор жүргөн; буга Верный (1887), Челек (1889), Кемин (1911), Кемин-Чүй (1938) ж.б. жер титирөөлөрү далил болот.
Күнгөй Ала-Тоо | |
Жалпы маалымат | |
Жайгашкан жери: | Каркыра өрөөнү |
Орточо бийиктиги: | 4200 м |
Эң бийик жери: | 4770 м |
Күнгөй Ала-Тоо геологоялык структурасы татаал мегантиклиналь. Түндүгүнөн Челек-Кемин грабенинин тектоникалык жаракалары менен чектелип, түштүгүнөн тектон. жаракалар аркылуу Ысык-Көл мегасинклиналына такалат. Тоону негизинен кембрийге чейинки метаморфизмделген тоо тектер, палеозойдун башталышындагы жанар тоо-терриген жана карбонат катмарлары, девондун порфириттуфтуу формациясы, карбондун башталышы менен ортосунда пайда болгон терриген-карбонат чөкмөлөрү түзөт. Тоонун көп бөлүгүндө кембрийге чейин жана палеозойдун башталышында пайда болгон гранитоид интрузиялары, чулу тоо тектердин үстүндө кайнозойдун континенттик борпоң чөкмөлөрү жатат. Күнгөй Ала-Тоодо бири биринен келишпестик беттери менен бөлүнгөн структуралык кабаттар (палеозойго чейинки фундамент, каледон жана альп структуралары) бар. Кен байлыктарынан палеозойдун гранитоиддери менен байланыштуу болгон полиметалл, молибден, вольфрам, жездин чакан кендери белгилүү. Мындагы табигый курулуш материалдары жерг. курулуштарда жана жол салууда кеңири пайдаланылууда. Карбон мезгилинин акиташ теги кенинин базасында респбуликадагы ири ишкана – Күрмөнтү цемент заводу иштейт.
Төртүнчүлүк мезгилдин Күнгөй Ала-Тоону ири мөңгүлөр ээлеп, азыркыдан (370,7 км2) кыйла чоңдук кылган. Бул мөңгү чөкмөлөрү Чолпон-Ата менен Чоң-Аксуу сууларынын ортосунда неоген катмарынын үстүндө жатып, Чолпон-Ата морена комплексин түзөт. Ал Чолпон-Ата суусунун нугунан 560 м бийиктикте жатат. Азыр мөңгү аз. Алар негизинен Кемин–Челек тоо тоомуна жана Чоктал массивинде жайгашкан. Мөңгүлөрдөн көп суу башталат. Тоодогу өрөөндөрдүн төмөнкү бөлүктөрү кууш (терең капчыгайлуу), жогорку жагы байыркы мөңгүнүн таасиринен тепши сымал.
Тоонун ландшафттары бийиктик зоналуулугуна жана каптал экспозициясына жараша өзгөрөт. Түндүк капталы нымдуу (жылдык жаан-чачыны 700 мден кем эмес), өсүмдүктөрү жыш, күнгөйү каксоо. Кырка тоонун түштүк-батыш учуна (Балыкчынын тегереги, Боом капчыгайынын кептеш жерлерине) таштак чөл ландшафты мүнөздүү. Күнгөй бетиндеги жарым чөлдө (1900–2400 м бийиктикке чейин) чий, акшыбак, чекенди, терскен жана башка өсүмдүктөр басымдуу. Талаа алкагы (батышында 2400–2900 м, чыгышында 1900–2400 м) чопо жана кум аралаш коңур топурактуу келип, кызылот, шыбак, бетеге, айгыржыгар ж. б. өсөт. Чыгыш бөлүгүндө андан жогору мезофилдик ландшафт мүнөздүү, кокту-колоттордо, терең капчыгайларда түрдүү бадал, карагай токой (Чолпоната суусунан чыгышты карай, өзгөчө Чоң жана Кичи Аксуу алаптарында) көп. 2800–3000 мден жогору субальп, альп шалбаалуу талаа (батышында), шалбаа (чыгышында) ландшафттары өнүккөн. Күнгөй Ала-Тоонун тескейи күнгөйүнөн кескин айырмаланат. Тоонун этегинен тартып чокусуна чейин мезофилдик же нымдуу ландшафттар басымдуулук кылат. Төмөнкү алкак (1500–2000 м) кара коңур жана кара топурактуу; ага буудайык, кой жалбырак, аткулак, түлкү куйрук, теңге-чөп, казтаман ж.б. өсүмдүктүү шалбаалуу талаа мүнөздүү. Токой Жалгызтал менен Ортокой-Суу сууларынын аралыгында, 2000–2800 м бийиктикте туташ тилкени түзүп, негизинен карагай, арча, ыргай, четин аларга шалбаа чөптөр аралаш өсөт. Андан жогорку (2900–3100 м) шалбаалуу субальп алкагында түлкү куйрук, шимүүр, казтаман, байчечекей, көбүргөн, чыйпылдак, тулаң, өлөң чөп ж.б. басымдуу. Альп шалбаа алкагы (3100–3400 м) кыска чөптүү, андан жогору нивалдык-гляциалдык алкак мүнөздүү.
Күнгөй Ала-Тоодогу ашуулар (Байсоорун, бийиктиги 3780 м; Сүттүүбулак, 3900 м; Куугандытөр, 3800 м; Аксуу, 4150 м; Дөрө, 3734 м; Тору-Айгыр, 3250 м; Калмакашуу, 3500 м ж. б.) Ысык-Көл өрөөнүн Алматы шаары, Чоң-Кемин жана Челек өрөөндөрү менен байланыштырат.