Ала-Арча капчыгайыКыргыз Ала Тоосунун түндүк капталында, Бишкек шаарынын түштүк тарабында (35 км). Ала-Арча кыштагынын түбөлүк кар зонасынан (3800 м бийиктиктен) башталып, Байтик өрөөнүнө (1600 м) чыгат. Уз. 30 км, туурасы 7 км.

Ала-Арча капчыгайы.

Капчыгай негизинен палеозойдун башында пайда болгон сланец, кумдук, конгломерат, гранит жана гранит-диорит тоо тектеринен түзүлгөн. Рельефи жана генезис- тик тиби боюнча капчыгай экиге бөлүнөт. Жогорку 14 кмге чейинки аралыгы кууш, тик капталдуу (40—45°), тереӊ (800 мге че¬йин), нугу тепши формасында. Ал антропоген мезгилиндеги мөӊгүлөрдүн эрозиялык аракеттеринин натыйжасында пайда болуп, альп, субальп шалбаалары менен капталган. Төмөнкү бөлүгүнүн таманы (таль¬веги) жайык келип (300—500 м), тик капталдуу (30—40°), тереӊдиги 300— 400 м. Бул жерде карагай, арча, бадал¬дуу шалбаа өсөт. Капчыгай аркылуу Ала-Арча суусу агат. Капчыгайда альпинисттик лагерь (2000 м бийиктикте) жайгаш¬кан. Бишкек шаарынан альплагерге чейин асфальт жол курулган. Капчыгай Бишкек шаарынын эмгекчилеринин эс алуу жайларынын бири. Мында 1976-ж. аймактын табиятын сактоо максатында Ала-Арча табият паркы уюшулган.

Дагы караңыз түзөтүү