Ала - Мышык көрүстөнү Нарын шаарынын күн батыш тарабында, Нарын дарыясынын оң өйүзүндө, Ала - Мышык тоосунун этегинде жайгашкан. Жалпы саны 150дөн ашык; биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктан биздин замандын 13–14-кылымдарына чейинки мөөнөттү өз кучагына алат. Көмөөр алдында көрдүн ичи өрттөлүп, андан кийин маркум жаткырылган. Көрүстөндүн үстү жагынан 40 см тереңдикте үзөңгү, ооздук, темир того көмүлгөн атайын чуңкурча табылган. Маркумду көмүүдө отту колдонуу жана көрүстөндүн бир жерине чуңкурча казып буюм жашыруу енисей кыргыздарына да мүнөздүү. Көрүстөндүн чыгыш тарабынан байыркы мезгилде иштетилген темирдин калдыгы табылган. Байыркы түрк доорундагы балбал таштар жана алар орнотулуучу төрт чарчы коргончолор да бар. Ала - Мышык көрүстөнүн 1945–49-жылдары А.Н.Бернштам, 1954-жылы А.К.Кибиров, 1989-жылы К.Табалдиев жана Ю.С.Худяковдор изилдешкен.

Адабият түзөтүү

Кыргыз тарыхы.Энциклопедия. Бишкек, 2003
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А. А Асанканов”
Ред. кеңеш: Ө.Ж Осмонов (төрага), Т.Н Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Жуманалиев ж.б.”


Интервью түзөтүү