Ала-Тоо ую - сүт-эт багытындагы уй породасы. Тоо, талаа шартына көнүккөн сүттүү, эттүү уй алуу максатында жергиликтүү инектерди швец жана кострома уйларынын букалары менен аргындаштырып, Кыргызстан менен Казак Республикасынын асыл тукум уй өстүрүүчү чарбаларында чыгарылган. Порода 1950-ж. бекитилген. Өңү күрөң, денеси чымыр, башы чоң, кең көкүрөк, өркөчү жазы, соорусу жайык, желини тегерек, эмчеги узун. Өркөчүнөн бийиктиги 129 см, дене узундугу 171 см, көкүрөк курчамы 197 см, бутунун жоондугу 20 см. Инегинин салмагы 500-600 кг, букасыныкы 800900 кг. Сүтүнүн майлуулугу 3,8-3,9 %, айрымдарыныкы 5%. Эти даамдуу. Негизинен Кыргыз жана Казак Республикаларында асыралат. Кыргызстанда уй асылдандыруу жана колдон уруктандыруу станцияларында Ала-Тоо уюунун букалары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1