Алгачкы кекиректүүлөр
Илимий классификация
дүйнөсү: Жаныбарлар
тиби: Муунак буттуулар
түрү: Алгачкы кекиректүүлөр

Алгачкы кекиректүүлөр (Protracheata) — онихофоралар (onychopora) тибине кирген бир класс.

Өтө өзгөчөлөнгөн бул жандыктар мурда муунак буттуулар тибинин бир классы болуп келген. Азыр өз алдымча тип болуп, тропик жана суб-тропик токойлордо көп кездешет. Kypгак ыраак жерлерде жашагандары жерди казып, тереңинде жылып жашоого ынгайланышкан.
Онихофорлор тиби бир класска (кекиртектүүлөр), 1 түркүмгө ушул эле ат менен бөлүнөт. түркүм 2 тукумга (peripatopsidae, peripatidae) 20дан ашык түрлөрү кездешет. Булар кургакта гана жашоого ыңгайланышып, жогорку нымдуулукту талап кылат.
Денесинин сырткы териси. жумшак, жука келип курс сымал формат ээ. Денеси муунактуу келип көптөгөн жуп буттардан (14-40) турат. Баш бөлүгү денесинен анчалык бөлүнүп: турбайт да 3 жуп өсүндүнү алып жүрөт. Биринчи жуп оөсүндүсү узун келин мурутча бөлүгүн түзөт. Мурутчалары муунактарга бөлүбөйт.
Каптал жактарында көзү жайгашкан. Ооз органы баш бөлүгүндө. Өтө жай кыймылдаган (1 млн. 40-70 ст.) жырткыч жандык, майда курт-кумурскалар, жөргөмүштөр ж. б. организмдер менен азыктанат. Дем алуу териси жана трахеялары аркылуу өтөт. Денесиңин чоңдугу бир нече млден 10 мге жетет.
Ичегилери өтө жөнөкөй түзүлүштө. Кан айлануу жана нерв системасы муунак буттуулар тибиндеги жандыктарга окшош келет. Айрым жыныстуу. Көпчүлүк түрлөру жумуртка, кээ бир түрлөрү тирүүлөй тууйт. Окумуштуулардын айтуусуна караганда миллиондогон жылдар мурда бул жандыктар дениздерде жашашкан.

Колдонулган адабият түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Биология (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-002-4