Алгачкы кыргыз милициясы

Кыргызстандагы жумушчу - дыйкан милициясынын алгачкы уюштуруучулары: бир туугандар Балтакожо жана Насрулло Султановдор (ал Өзбекстандын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Султанов, Мухтар Насруллаевичтын атасы болгон), Газыбай Казыбаев, Абдылда Исабаев, Николай Нерабоченко, Атажан Сулайманов, Николай Парфентьев, Санжар Касымбеков[1] [2], Машариф Масабиров, Т. Машрапов[3], Эргеш Алиев, Петр Гайлис ж. б.

Балтыходжа Султанов-Кыргызстан милициясынын алгачкы уюштуруучусу

Кара - Кыргыз АОсунда 1924-ж. октябрда Облмилициянын башкармасы иштей баштаган. Анын 1 - начальниги - А.П. Арумов. Кыргыз АССРинин 1-ички иштер эл комиссары - Искандер Жанузакович Жоломанов. Ош уезди милициясынын алгачкы уюштуруучусу жана 1 башчысы Балтыходжа Султанов болгон[4]. 1925-ж. Кыргыз АОсунун Ички иштер эл комиссариатынын тармагында 1 - жолу окуу пункту ачылып, коп узабай ал 11 айлык мектепке айланган. Анын 1 - начальниги А. Мамин, окутуучулары А. Алтымышбаев, А. Хасанов, Г. Радвогин. 1-милиционер аял - Каржаева Сабира. Кыргыз аялдарынан милициянын полковниги наамын 1-алган Токтосунова Зарылкан.

Тиркемелер түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү