Ош уезди - 18761924 жылдары Түркстан генерал-губернаторлугунун Фергана облусундагы администртивдик аймак.

Губерния герби
Губерния герби
Ош уезди
Негизделген: 1876
Борбору: Ош шаары
Аянты: 25252,7 чакырым(1896)
Калкы: 105032 (1896)
Калкынын жыштыгы: /км²
ISO 3166-2:
Административдик-аймактык түзүлүш: 3 болуштук (1876)
6 болуштук (1881)
11 болуштук (1903)
Губерния Фергана облусу
Түркстан генерал-губернаторлугу
Ош уезди башчылары: Ионов М.Е. (1876-1888)
Дейбнер А.Н. (1889-1892)
Громбчевский Б.Л. (1893-1895)
Зайцев В.Н. (1895-1906)
Алексеев А.А. (1906-1915)
Городвинский В. (1916)
Брже­зицкий В.В. (1916-1917)
 
Федченко
 
Мушкетов
 
Северцов
 
Грумм-Гржимайло

Кокон хандыгы Орусия империясыга кошулуудон кийин Фергана облусу түзүлдү жана 1876 жылы анын курамына кирген Ош уезди негизделген. Ош уезди борбору Ош шаары менен Фергана облусу курамында Түркстан генерал-губернаторунун 6 февраль 1876 жылдагы буйругу менен түзүлгөн. Ош уезди, борбору Ош шаары менен 25 253 чакырым калкы 59 760 адам, алардын ичинен Ош шаарында 1881 ж. болгону 3 950 адам 1049 түтүн жашаган, 1912 жылы болсо 45 миңден жогору, ошондой эле болжол менен 900 орус. Ош уезди жана Ош шаарында калктын саны өсүшү Фергана облусунун администрациясынын маалыматы боюнча жакшы байкалат, 1897 жылы Ош уездинде 161 640 киши, анын ичинде Ош шаарында 34 157 адам жашаган. 1 январь 1910 жылы Ош уездинде 193 382 адам жашаган. Ош уездине 6 болуштук жана 50 аксакалдык болгон.

Шаардын административдик башкаруусү уезд башчысына, орус армиясынын офицерине жүктөөлгөн. Ош уезди жана Ош шаарыны Фергана облусу аскер губернатору дайындаган офицерлер башкарган. Ош уезди башчысы бир эле убакта төмөнкүдөй функцияларды аткарган: шаар башчысы, полиция башчысы, земский башчысы, шаар башкармалыгы, салык төрагасы, оорукана комитети, уезд жана шаардык коомдук саламаттык комитети, казынаны ай сайын ревизиялоо, түрмө бөлүмдөрунө төрагалык кылуучу директор жана башкалар. 1912 жылга келип шаардын өкмөттүк мекемелери көп тармактуу, ар түрдүү жана структуралык так бөлүнгөн болгон. Бул уезд башчысы жана анын жардамчысы, алар бир эле убакта Ош уездин жана Ош шаарын башкарган, орус армиясынын офицерлери (тиешелүүлүгүнө жараша полковник жана подполковник), уезддик врачтар жана жер өлчөгүч, шаардык архитектор, участкалык жана полиция сакчылары, түрмөнүн башчысы, мировой судьялар болду.

Бара-бара Ошко ар кандай адистер жана чиновниктер келе баштады: Топорнин С.А. - 10-Түркстан аткыч батальондун (Ош гарнизонунун орус аскерлеринин) зардалы, Попов, И.И. - уезд жер өлчөгүчү, Томашевский Ж.Т. - курулуш башкармалыгынын инженери, Кондратьев Н.Н.- Ош аскер ооруканасынын биринчи башчысы, Глушков П.Я. - уезд ветеринариялык врачи, Орлов В.Ф орус-тузем мектеп башчысы, Яссинский А. И. - улук медициналык фельдшер, Приходько Б. Ф - Ош токойчулуктардын токой корукчусу, Ларионов. П. - Ош уезди башчысынын жардамчысы. Шаар башкармалыгынын депутаттары жана талапкерлери ар кандай убакта: Романенко А.Ф., Артемьев, Олифин Л.И. Попов, А.Г., Гречкин Н.А. жана көптөгөн башкалар болгон. Шаардагы тартипти полициячылар: Чикунов А.И., Муштин А.Н., Шпилевский А., Грехов Н., Марков В., Рыбальченко Ф.Г. жана башкалар сактаган. Ушул жерден россиялык окумуштуулардун: Федченко А.П. (1871), Ошанин В.Ф. (1876-1878), Мушкетов И.В. (1874-1877), Северцов Н.А. (1865-1867, 1877-1878), Иванов Д.А. Грумм-Гржимайло (1884-1887), Громбчевский Б.Л. (1889-1892), Костенко Л.Ф. (1876-1878), Зайцев В.Н., Корженевский Н.Л. (1903-1928) жана башкалардын Орто Азия жана Памир аймактарды изилдөө боюнча көптөгөн илимий экспедициялары башталган. Шаардык чарбаны шаардык депутаттар катышуусу менен уезд башчысы башкарган. Шаардын кирешелери 30 800 руб.

Падышалык администрациядан тышкары, ошондой эле жергиликтүү өкүлдөрүнөн турган тузем администрациясы иш жүргүзгөн.

Байыркы заманда

түзөтүү

Ош шаары тоо алды оазисте жайгашкан, ал эчактан бери адамдар менен жыш. Сулайман-Тоонун түштүк капталында коло дооруга тийиштуу дыйкандардын жайлары табылган. Ош Кыргызстандын эң байыркы жайы бири болгон деп эсептелет, азыр расмий түрдө шаардын тарыхы 3 миң жылга жакын эсептелсин деп сунушталды. Бирок, тарыхый илимде шаарлардын жашын эсептоо тарыхый актыларда эң эрте айта өтүү деп кабыл алынган, шаарды эң биринчи айта өтүү жазууларда IX кылымга туура келет. X кылымда Ош чоңдугу боюнча Фергананын үчүнчү шаары болуп эсептелген, Индия жана Кытайдан Европага кеткен кербен жолдору менен кесилишкен орду болгон (кароо Улуу жибек жолу). Ош Борбордук Азиянын диний мусулман борбору бири болгон. Ош шаарынын борборунда жайгашкан байыркы мечиттер, ошондой эле Сулайман-Тоо (Тахт-и-Сулайман, Трон Соломона) менен белгилүү, ал Борбордук Азиялык мусулмандарынын зыярат жерлерден бири болуп саналат

Ош уезди Фергана облусунун эң ири уезди болгон жана анын түштүк бөлүгүн ээлеген. Батышта Бухара эмираты менен, чыгышында Кытай менен чектеш болгон. Уезд Памир-Алай тоо системасынын аймагында жайгашкан.

Түзүлгөн учурда 1876 жылы уезд 3 болуштукку бөлүнгөн:

1881 жылы уездде 6 болуштук болгон.

1903 жылы уездде 11 болуштук болгон:

 
Ош шаарынын герби 1908 жыл

Герб города Ош был высочайше утвержден 22 октября 1908 года[1]

  «В червленом щите серебряная вершина горы, сопровождаемая сверху золотым полумесяцем рогами вверх. В нижней оконечности щита две золотые воловьи головы с червлеными глазами. В вольной части щита герб Ферганской области. Щит украшен серебряною башенною короною о трёх зубцах и окружён двумя виноградными лозами, соединёнными Александровской лентою».  

Силуэт горы Сулайман-Тоо занимает центральное место и в современном гербе Оша. Над силуэтом горы изображено золотое солнце с исходящими от него лучами, вся композиция окружена синим кыргызским орнаментом с надписью «ОШ» в нижней части[2].

1896 жылы уездде 105 032 адам жашаган. Калктын көп бөлүгүн өзбектер жана кыргыздар түзгөн. Шаар эки бөлүктөн түзүлгөн: орус жана тузем, азиялык. Орус бөлүгү Ак-Буура дарыясынын суусунун агымынан бир нече жогору жайгашкан (болжол менен, азыркы облустук мамлекеттик администрациясынын, православ чиркөөсүнүн, Токтогул атындагы парктын жана эс алуу Үйү районунун жогоруда).

Ош шаарынын калкы 1910 жылы статистикалык маалыматтар боюнча. Калк 44 204 адамды (23 170 эркек, 21 034 аялдардын) түзөт: өзбектер – 38 646, кыргыздар – 2 031, уйгурлар – 500, каракалпактар – 1 606, дунгандар – 126, татарлар – 45, кара-кыргыздар – 8, тажиктер – 198, перстер – 5, индустар – 3, цыгандар – 12, армяндар – 20, афгандар – 5, еврейлер – 33, башка улуттагылар – 51. Үй кожолүк – 6 254 (100 орус бөлүгүндө, 6 154 тузем бөлүгүндө). Православ чиркөөсү – Михаило-Архангельский. Мечит – 154, мазарлар – 7, башталгыч окуу жайы эки жыныстагы балдар үчүн, мектептер уул балдар учун – 20, кыздар учун – 12, медресе – 5, ишканалар – 8, шаардык оорукана 15 керебет, жергиликтүү аскердик оорукана, 10-Түркстан батальонге караштуу аскердик чогулуш.

Дыйканчылык уезддын түндүк-батыш бөлүгүндө гана өнүккон болчу. Негизги айдоо өсүмдүктөрү күздүк жана жаздык буудай, арпа, таруу, дурра, күрүч жана пахта болуп эсептелген. Тери, жыгач, металл жана өзгөчө айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча майда кустардык ишканалардын жана кол өнөрчүлүк устаканаларын саны өстү (тузем типтеги май бышып чыгаруучу аспаптар гана 850). Бирок, өндүрүш жана кол эмгек мүнөзү дээрлик өзгөргөн эмес жана өнөр жай ишканаларынын (негизинен майда) жалданма жумушчулор саны көптөгөн жылдар бою өзгөргөн эмес. 1908 жылы Ошто 441 өнөр жай ишканасы иштеген жумушчулар саны - 616 болгон.

 
Николай Корженевский

Ошто энергетика туудуруу башталган. 1913 жылы жаңы шаар районунда Яккалик арыгында кичик ГЭС курулган, анда "Френсис" тибиндеги (240 ат.к.) гидротурбина жана туруктуу токтун генератору (55 кВт) орнотулган. Электр энергиясы тегирменге келген жана орус байларын үйүн жарык кылган. 1914-1916 жылдары фирма "Шимонек" жана инженер Лебедов тарабынан Ак-Буура дарыясында изилдөө өткөрүлгөн жана кубаттуулугу 4500 ат.к. экинчи ГЭСтин долбоору түзүлдү. Экинчи ГЭС Эски шаарда курулган жана эски шаар байларын үйлөрүнө жана дүкөндөрүнө жарык берген.

Орус офицери Корженевский Н.Л. өзүнүн жана өз тааныштарын батирлерин чагылдыруу үчүн курулуш каражаттарынан кичик динамо-машина жасады, көчөлөрдүн чагылдыруу үчүн ошондо иштетилген газолильдүү (селен) фонарларды жакшыртуу боюнча жана физикалык тажрыйба менен иш жүргүзүп келген. 1902 жылы ал өзүнүн аскер командачылыгынын колдоосу менен Ош менен Жалал-Абадты эки тараптуу байланышы учун эки гелиотелеграф станциялары иштеп чыккан жана орноткон. Жалал-Абад минералдык булактарда көп аскер дарыланган, ошондуктан Ош уезд шаары менен ишенимдүү байланыш абдан зарыл болгон.

1914 жылы Ош шаарында пивзавод, 2 вальцовкалоочу тегирмен, 2 ичек-тазалоочу, 2 булгаары, 2 пахта тазалоочүү заводдор иштеген. "Зингер"дин бир бөлүмчөсү өзүнүн агенттери аркылүү Ош уезди жашоочулары жана шаардыктардын арасында тигүү машиналарын саткан. Ошто жүн жана башка мал чарбачылыгынын чийкисин сатып алуулар боюнча Г.В. Дюршмидт немис фирмасы, "Стукен жана Ко" фирмасы, Кыргызстандын түштүк токойлорүнон жаңгак чийки затынын даярдоо жана чет өлкөгө ташып чыгууну француз компанияларынан бири жүргүздү. Жибек түрүү өндүрүшү сырьё базасы итальян жана француз капиталисттардын колунда болгон ("Бауэр" фирмасы, "Ага-ини Коломбини" ж.б.). Бир катар россиялык фирмалар "Чоң Ярослав мануфактурасы", "Ага-ини Шлоссберг" жана башкалар Ошто пахтаны сатып алууну монополизация кылды, анын алгачкы кайра иштеп чыгууну жана Россиянын текстиль фабрикаларына алып чыгуу үчүн. Ош госпиталы биринчи аскердик-дарылоо мекемеси болуп калган. Жергиликтүү калк үчүн тузем ооруканасы иштеген, андан кийин бардык калк учун кызмат кылган шаардык ооруканасы курулган. Санитардык-профилактикалык көп жумуш, чечек жана пес менен күрөш жүргүзүлдү. Ветеринария кызматы, метеорологиялык станция уюштурулган.

Кинотеатр Апостоловго А.К. таандык болгон. Шаарды электрификация жана телефонизациясын Дряхлов Т.Г., "Пльзень пивосу"н чыгарган пивзаводдун ээси Монета А.Ю., Ак-Буура дарыясыдагы тегирмендин ээси Сукоркина С.М., куруучу жана ичек-тазалоочу жайдын ээси Шустов. И.Д. жана башкалар баштаган. Өнөр жай кустардык мүнөзгө ээ болгон. Кыргыздардын негизги иши көчмөн мал чарбачылыгы болуп келген.

Ош уезди соодасы

түзөтүү

Өлкөдө эн ири болгон Ош шаарынын базарында кылымдын башында 1300 соода түйүнү болгон эле. Соода фирмалары жана соода-өнөр жай ишканалары иштеген: Ошто соода иштери менен Давыдов, Епифанов, Прядко алектенишкен, бакалея Д.Л. Филатов жана Н.Я. Пугасов, килемдер - Р.М. Мадазимов, А. Рахматуллаев, А. Вахабов, Х. Ходжиев, мануфактура Д. Шукин, А. Вадьяев, Ш.Х. Абрасум, чийки зат, мал чарбачылык – М. Салибаев, С. Абдрасулов (ӨзР БМА. -Ф. И.19. Оп.1. Д.2504. Л.13-27 Д.17054. Л.2-3; ООГАПД. -Ф.50. Оп.1. Д.41. Л.4; Д.71. Л.7,7 обр.). Биринчи мейманкананы Таранин П.М. ачты. ХХ кылымдын башында орус ишкери Д.И. Павлов "Москва" мейманканасын курду жана анга дагы уч ресторанга ээлик кылды.

Ош уезди элге билим берүү тармагы

түзөтүү

Ош шаарынын улук аксакалдары жана миңбашылары молдо Султан Таирбаев жана анын тай акеси молдо Кудрат Таирбаев[3] Ош шаарында орус-тузем мектепти ачуу демилгечилери болгон. Ошол эле убакытта алар орус-тузем мектепти ачуу жана иштетуу учун чыгымдары боюнча акча каражаттарын беришкен. Ош уезди бийлиги "Калкты өз эрки менен мектептерди кармоо учун акча каражатын берүүгө даярдыгы, бул тузем калкы өзү жаш муунду орус тилине окуутуну зарыл болгонун жана пайдасын сезди" деп эсептеди. Орус-тузем мектептери - бул мектептин башталгыч билим берүү, Түркстан өлкөсун орус администрациясы тарабынан XIX кылымда жергиликтүү калктын балдарын окутуу үчүн ачылган. Бул мектептер европалык типтеги биринчи мектептер болуп, аларда Түркстан жергиликтүү калктын өкүлдөрү дин аралашпаган (светское) билим алышкан. Бул мектептердин максаты жергиликтүү калктын балдарын [[орус тили]не окууту, европа жана орус маданиятарын баалуулуктарга кошулуу, алардын ичинен кийин чиновниктерди даярдоо[4]. Бул мектептерде орус тилин окууту биринчи жылынан баштап башталган.

15 январь 1887 жылы Ош шаарынын улук аксакалдары жана миңбашылары Султан Таирбаев жана анын бир тууганы Кудрат Таирбаев[5] Ош уездинин башчысы М.Е. Ионов жана Түркстан өлкөсун бийлиги жардамында Ошто орус-тузем мектеп ачышты. Мектепте ошондо башчысы В.Ф Орлов, эки аял окутуучу, кийин мусулман сабаты мугалими Б.С. Султанов жана бир кызматчы иштешкен. Бул мектеп алгачкы орус-мусулман сабатын көндүмдөрүн гана берген, алар уезд жана волость кенже кызматчыларын даярдоо үчүн зарыл болгон. Ал эми 1915 жылы жергиликтүү орус-тузем окуу жайы өзүнүн класстарын жана мугалимдерин санын көбөйтөт. Эгерде мурда бул бир класска жай болсо, анда январь айынан баштап, Түркстан өлкөсу генерал-губернатору окуу жайы экинчи классты ачууга жана 1 мугалимди ишке алууга уруксат берди. Ошондо эле уезд башкармалыгы окуу жайын имараттын кеңейтүү үчүн окуу жайына 740 руб. 39 коп акча каражатын бөлүп берди. Аны менен бирге Ошто жадид мектеп ачылды, анда Балтыходжа Султанов менен саякатчы жана революционер Фазылбек Касымбеков (тарых мугалими) иштеген.

 
Театр имараты - Ош шаары Ленин көчөсу, 326 уй

1914 жылы Рахмонберди Мадазимов жетекчилиги астында Ош шаарынын орус-тузем мектеби мугалими Балтыходжа Султанов менен бирге театралдык кружок негизделген.[6].

1918 жылы Рахмонберди Мадазимов жетекчилиги астында Ош уездинын башка агартуу ишмерлери жана мугалимдери Бекназар Назаров, Иброхим Мусабоев, Журахон Зайнобиддинов, Назирхан Камолов, А. Саидов, А. Эшонхонов, Абдукодир Исхоков, Исроилжон Исмоилов, Жалил Собитовтор менен бирге Түркстан фронти Реввоенсоветине караштуу концерт бригадасын базасында Кыргызстандын түштүгүндө биринчи жолу жергиликтүү мусулман элдерден түзүлгөн өз демилгеси менен иштөөчү театралдык кружок негизделген. Театр труппасынын көркөм жетекчиси Рахмонберди Мадазимов Кыргызстандын театралдык кыймылдын биринчи негиздөөчүсү жана уюштуруучусу болгон[7]. 1919 жылы кружок драма труппасы болуп калыптанды. Бул драма труппасы Кыргызстан түштүгүндө театралдык көркөм өнөрун өнүктүрүүго гана эмес жана кесиптик музыкалык көркөм өнөрун өнүктүрүүго дагы кызмат кылды. Анткени труппанын репертуаринда спектакль коюдан тышкары, көптөгөн концерттик программалар коюлду, ошондой эле спектаклдерди коштоогон элдик обондор үчүн музыкалык иштеп чыгуу жүргүзүлгөндүктан музыкант-профессионалдардын калыптанышы жолундо өзгөчө этабы болду. Андан ары бул труппа Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театрын түзүү үчүн негиз болуп калды.[8] Бабур атындагы Ош Мамлекеттик академик өзбек музыкалуу драма театры Борбордук Азияда Ташкент шаарындагы Хамза атындагы өзбек улуттук академиялык драма театрынан (1913-27 февраль 1914 жылдары негизделген) кийинки экинчи байыркы профессионал театры болуп эсептелет[9].

Театр Ош уездинын бардык райондорунда болуп, ал жерде спектаклдер коюп басмачылык менен көркөм өнөр жана маданият куралы менен күрөшту. Райондорда спектаклдер коюп, басмачылар жайгашкан жана аларды куралдарын сактоочу жайларын билишкен. Театр артисттери Ош шаарынын милициясын негиздөөчүсү жана биринчи башчысы Балтыходжа Султанов менен бирге басмачылыкты жок кылууда активдүү катышкан. Театр өзүнүн арабасында театр реквизити менен бирге куралдарды бекитип кызылдарга ташып, басмачылар бандалары жайгашкан жерлерден өткөргон, ошентип Кызыл армияны курал-жарак жана ок-дарылар менен жабдуу кылган.

Ош уезди Совет бийлиги мезгилинде (1918-1924 жылдары)

түзөтүү

Ош уездинде Совет бийлигин орнотүү

түзөтүү

1917 жылдын май айы аягында Ош шаарында РСДРП легалдуу топү түзүүлдү. Ага А.Г. Аношин, Б.С. Султанов, К. Кабулджанов, М. Сарымсаков кирген. 1918 жылдын август айына чейин Оштогу большевиктер партиялык уюму 26 адамды гана түзгон. Фергана облусунун Кеңештердин 6-курултайынан (6-7 декабры 1917 жыл) кийин уездарда бийлик Кеңештерге өтду жана Ош шаарында бийлик Ош Кеңешине өтүшү жөнүндө жарыяланган.

Мусулман жана чайрыкер депутаттардын Ош уезди Кеңеши чечүүчү добуш укугу менен өзүнүн үч өкүлүн: Б.С. Султанов, У. Касымханова, Ю. Алиевти уезд Кеңешине киргизди. Кеңештин чечими менен алар жергиликтүү калк депутаттары деп таанылды. 17 январь 1918 жылы кайтадан шайлоо ишке ашырылат жана Б.С. Султанов Ош уезди Кеңешин большевиктештирүүгө катышкан жана ал уезддагы пролетариат диктатурасы органы болуп калды. Ош уезди Кеңешинын башында А.Г. Аношин (Ош шаарынын большевиктер уюмунун биринчи төрагасы) жана анын орун басарлары Б.С. Султанов, Ю. Алиевтер турду. Б.С. Султанов Ю. Алиев менен бирге уезддик уюмдар менен өнөржай ишканаларында жумушчулардын көзөмөлдөөсүн киргизүү кыймылынын демилгечилери болгон. Советтештирүү процесси 5-өлко Кеңештердин курултайында бекитилди, 30 апрель 1918 жылы Түркстан АССР түзүүлгөнү жарыяланды, анын курамына Кыргызстан Түштүгү да кирди. Курултайдын ишине Ош уезди Кеңешинын делегат-большевиктери А.Г. Аношин, Б.С. Султанов, Л.Н. Гречанинов катышкан. 5 декабрь 1918 жылы Ош уезди кеңеши уезд-шаардык революцион комитети болуп кайра түзүлдү[10].

Ош уезди милициясын уюштуруу жана жетектөө

түзөтүү
 
Балтыходжа Султанов - Кыргызстан милициясынын негиздөөчүсү жана уюштуруучусу

1918 жылдын январь айынын аягында Ошто уезд-шаардык элдик милициянын уюштуруу боюнча аскердик комиссия түзүүлдү. 5 февраль 1918 жылы бул комиссиянын кеңсесинде элдик милициянын түзүү, аны курал-жарак менен камсыз кылуу учун калктан конфискацияланган курал-жарактарды өткөрүп берүү боюнча Оштогу коомдук уюмдардын биргелешкен жыйыны болду. Ош партиялык уюму уюштурулган элдик милициясына өзунун мыкты өкулдөрун жөнөттү. Ош шаарынын милициянын биринчи башчысы большевик Балтыходжа Султанов болду[11]. Андан сырткары Ош уезди милициясын түзүүдө Балтыходжа Султановдун иниси Насрулла Султанов активдүү катышты эле (Оштун биринчи милиционерлердин бири)[12], ал Өзбекстан ички иштер министринин орун басары Мухтар Насруллаевич Султановдун[13] атасы болгон.

Совет бийлигин бекемдөө мезгилинде милиция пролетариат диктатурасы органы гана эмес, революция жеңиштериң коргоодо турду, Кызыл армияны түзүүгө чейин анын функцияларын аткаруу менен, үгүт-массалык жана саясий-тарбиялык иштерди турмушка ашырды. Милиция кызматкерлери айылдык жана болуштук ревкомлору жана мусулман калкы арасында гезиттер таркатды. Жарандык согуш жана ага каршы басмачылык менен күрөшүү жылдары милиция функциясын аткарган өзүн-өзү коргоо отряддары жана доброволецтер отряддары түзүлдү. Басмачылыкка каршы күрөшүүдө Ош шаарынын милициянын башчысы, андан кийин уезд тергөө комиссиянын башчысы Балтыходжа Султанов мыктылык көрсөтүү.

Ош шаарынын милициянын негиздөөчүсү Б.С. Султанов уюштуруу-администрациялык чоң кыйынчылыктар менен кезигишүүгө туура келди. Ош округдук милиция калыптанышынын мезгилинде милиция кызматкерлери менен топтоо болгону 75% гана, анын ичинен 80% сабатсыз эле, жүрүү каражаттарынын, криминалистикалык техника жоктугу, милиция кызматкерлери орус-япон согуштун убагындагы япон өндүрүшүнүн трофейлик мылтыктар менен куралданган (КР БМА.Ф.1428.оп.1.д.23.л.23). Ош уезди кылмыш иликтөө бөлүмүнүн штаты (бул жана милиция толугу менен) аз сандуу болчу. Алсак, 1 январь 1920 жылга карата Ош уезди кылмыш иликтөө бөлүмүнүн 21 кызматкери болгон.

 
Константин Иванович Монстров

1918 жылдын июнь айында большевиктер партиялык уюмдун жетекчилиги Аношин А.Г. Султанов Б.С. астында Ошто 70 доброволецтан Кызыл гвардия отряды түзүлгөн, кийин 1919 жылдын июлунда отрядда 160 адам болгон. Отряд тартипти сактаган, көйгөйлүү райондордо калкты нан жана тамак-аш менен камсыз кылган[14]. 1918 жылдын июлунда басмачылар бандалары Ошту басып алууга аракет жасашкан. Бирок Ош шаарыны коргоогон 1-Фергана полктун 70 доброволецы калкты колдоосу менен Андижан аскер бөлүгүнүн аскерлери жардамга келгиче чейин туруштук берди жана шаарды коргоой алды. Корбашы Мадамин бектин басмачылык бандалары жана К.И. Монстровдун кулактык-дыйкан армиянын бириккен кошууну өзгөчө коркунуч көрсөтүү, алар Фергана облусунда Совет бийлигин кулатуу учун умтулуушту. Кызыл армия бөлүгүндөгу аскерлер саныдан кыйла басымдуулук кылган Мадамин бек жана К.И. Монстровдун бандалык күчтөру 8 сентябрь 1919 жылы Ош жана Жалал-Абадды басып алуу оңунан чыкты жана Андижанга чабуул жасады, анда Ош-Андижан участогунун аскерлер штабы жайгашкан. 26 сентябрь 1919 жылы Ош басмачылык кошуундон бошотулду.

Сентябрь 1919 жылы Ош шаарыны коргоо учурунда Б.С. Султанов басмачылар колунан жырткычтарча аябай өлтүрүүлдү жана Ошто совет бийлиги учун күрөшүүдө курман болгон боордош мүрзөгө биринчи болуп көмүүлдү. Ал Ош шаарынын борбордук шаардык скверде жайгашкан, маданият үйүнүн (азыр орус православ чиркөөсү) алдында. "Түбөлүк от" мемориал комплекси мрамор плитасы астында боордош мүрзөгө 1919-1926 жылдары мезгилиңде курман болгон Кызыл армиянын жоокерлери көмүүлгөн, бул: Балтыходжа Султанов, Фазилходжа Касымбеков, Балтыхан Бабаджанов, Отабек Тиллабаев, Кузибай Ахмедов, Ахмаджон Юсупджанов, Валерий Бессонов, Петр Павленко, Леонтий Лавода, Александр Пономаренко. Көмүүлгөндөр саны болжол менен 100 кишини түздү[15]. Бул боордош мүрзөгө мемориал тактайлар менен стилобаттар орнотуулгон. 1974 жылы боз мрамордон болгон стеланы билдирген эстелик ачылган, анда өтмө ассиметрикалык жылдыз оюлган. Анын алдында кара мрамор плитада Түбөлүк от жагылган. Бул стелада колодон куюп жасалган создор жазылган: "Совет бийлиги учун күрөшүүдө курман болгондорго Түбөлүк даңк".

Совет мезгилинде Кыргызстандын Түштүгүндөгү элге билим берүү тармагы

түзөтүү

Б.С. Султанов революция чейин орус-тузем мектепте мугалим болуп иштеген, ошондуктан ал элге билим берүү тармагына, Кыргызстандын түштүгүндө советтик мектептердин өнүктүрүү учун чоң көңүл бурду. Б.С. Султанов Ош облусун элге билим берүү тармагын өнүгүшүнө чоң салым кошкон. 20 май 1918 жылы ал Ошто элге билим берүү кеңештин түзүүдө активдүү катышкан. 1918 жылдын август айында анын түздөн-түз катышуусу менен 95 орундуу биринчи бала бакча ачылган, 1918 жылы Ош уездинде 13 мектеп ачылган, анда 939 балдар жана өспүрүмдөр окууган.

Ош уездин жоюу

түзөтүү

Негизги макала: Орто Азиядагы улуттук-аймактык бөлүнүү

Октябрь 1924 жылы улуттук-аймактык чектешүүнүн планы ишке ашты, ар бир улуттук топко өз автономиясын бөлүү каралган. Чектешүүнүн натыйжасында Түркстан АССР менен бирге анын административдик-аймактык бөлүүктөрү жоюлду. Жыйынтыгында мурдагы Ош уездинин аймагында Ош округу, кийинчалик Ош кантону, 1939 жылы Ош облусу түзүлгөн, ал Кара-Кыргыз автономиялуу областынын (РСФСР) (азыр - Кыргыз Республикасы) курамына кирген.

Ош уезди башчылары (1876-1924)[16]

түзөтүү

Орус падышасы убагында Ош уездин башкарган:

 
Ионов Михаил Ефремович
 
Громбчевский Бронислав Людвигович
  • 1876-1888 жылдары - Капитан Ионов Михаил Ефремович кийинчалик орус армиясын генерал-майору болгон (ООГАПД. -Ф. 50. Оп. 1. Д. 115-а. Л.25).
  • 1889-1892 жылдары – Подполковник А.Н. Дейбнер (ООГАПД. -Ф. 50. Оп. 1. Д. 34. Л.1; Д.113. Л.7,10).
  • 1893-1895 жылдары - Подполковник Громбчевский Бронислав Людвигович кийинчалик орус армиясын генерал-майору болгон (ӨзР БМА. -Ф. И. 19. Оп. 1. Д.24150. Л.1-2; Д.13587. Л.34-35; ООГАПД. -Ф. 50. Оп. 1. Д. 71. Л.3; Д.112. Л.21).
  • 1895-март 1906 жылдары - Полковник В.Н. Зайцев (ЦГА РУз. -Ф. И. 19. Оп. 1. Д. 25044.Л.13, 27; ООГАПД. -Ф. 50. Оп. 1. Д. 33. Л.5,17; Д.42. Л.1)
  • март 1906-1915 жылдары - Полковник А.А. Алексеев (ООГАПД. -Ф. 50. Оп. 1. Д. 4. Л. 7)
  • 1916 жылы уезд башкаруу башчысынын милдетин убактылуу аткарган подполковник Н. Городвин­ский (ошол жерде. Д. 114-а. -Л.18).
  • 1916-1917 жылдары - Полковник В.В. Брже­зицкий (КР БМА. Ф.2. Оп. 3. Д.8. Л.5).

Падышалык администрациядан тышкары, ошондой эле жергиликтүү өкүлдөрүнөн турган тузем администрациясы иш жүргүзгөн.

болгон.

болгон.

Октябрь революциясынан кийин Ош уездин большевиктер башкарган

 
Санжар Косимбеков Фото 1920 жыл
 
Солдон оңго экинчи отуруупту — Туракулов Кодир Туракулович Ташкент, 1927 жыл
  • 8 октябрь 1920-18 февраля 1921 жыл - Голубков Алексей Федорович (1889) УГЛ жооптуу катчысы
  • апрель 1921-30 июля 1921 жыл - Дубровин Андрей Григорьевич (1882), жооптуу катчы.
  • ноябрь 1921-1922 жыл - Голубев М. жооптуу катчы.
  • 1922-май 1923 жыл - Шлюшкин УГК жооптуу катчысы.
  • май 1923-август 1923 жыл - Махсумов Баходир Баховиддинович (1903) УГК жооптуу катчысы
  • сентябрь 1923-ноябрь 1923 жыл - Ванталь, жооптуу катчы
  • сентябрь 1924-октябрь 1924 жыл - Медведев, жооптуу катчы
  • 1920-1921 жылдар - Алифбоев Арслон (1897) УГК төрагасы
  • 1922-сентябрь 1923 жыл - Салтанаев Ж. УИК төрагасы
  • сентябрь 1923 жыл - 1924 жыл - Туракулов Кодир Туракулович (1900-1960) Ош уезд-шаардык революцион комитети төрагасы.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.
  • Энциклопедия Киргизской ССР, изданная Академией наук Киргизской ССР в 1982 году, раздел "Победа Великой Октябрьской социалистической революции в Киргизии", Фрунзе.
  • Энциклопедия Ошской области, изданная Академией наук Киргизской ССР в 1987 году, Фрунзе.
  • А.Абдугафуров "Видные сыновья Оша", 2000 год, город Ош.

Калып:БЕЭС

Тиркемелер

түзөтүү
  1. на Геральдических щитах. Золотые пчелы. На сайте «Российские соотечественники Иссык-Куля».
  2. Гербы Кыргызстана. г. Ош На сайте Геральдикум.
  3. Письмо начальнику Ошского уезда В.Н.Зайцову от жителей г. Ош и всего Ошского уезда. Текшерилген күнү 30 -декабрь (бештин айы) 2015. Түп булактан архивделген күнү 17 -декабрь (бештин айы) 2015.
  4. Русско-туземные школы служили сближению туземцев с русским населением. Текшерилген күнү 30 -декабрь (бештин айы) 2015. Түп булактан архивделген күнү 6 -декабрь (бештин айы) 2015.
  5. Письмо начальнику Ошского уезда В.Н.Зайцову от жителей г. Ош и всего Ошского уезда. Текшерилген күнү 30 -декабрь (бештин айы) 2015. Түп булактан архивделген күнү 17 -декабрь (бештин айы) 2015.
  6. Ош старейший театр республики отметил своё 95-летие
  7. Они стояли у истоков. Текшерилген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2015. Түп булактан архивделген күнү 3 -февраль (бирдин айы) 2015.
  8. Центразия Персоны. Текшерилген күнү 30 -декабрь (бештин айы) 2015. Түп булактан архивделген күнү 31 -январь (үчтүн айы) 2018.
  9. Ош театры өзунун 95 жылын майрамдады
  10. Центразия Персоны. Текшерилген күнү 30 -декабрь (бештин айы) 2015. Түп булактан архивделген күнү 17 -ноябрь (жетинин айы) 2015.
  11. В Ошском ГУВД отмечают годовщину создания городской милиции
  12. Кыргызская милиция (материал из кыргызской Википедии)
  13. Центразия. Текшерилген күнү 30 -декабрь (бештин айы) 2015. Түп булактан архивделген күнү 22 -декабрь (бештин айы) 2015.
  14. Ошский отряд Красной гвардии. Текшерилген күнү 30 -декабрь (бештин айы) 2015. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016.
  15. Читательница жалуется, что на братской могиле мемориального комплекса Вечный огонь в Оше устраиваются увеселительные мероприятия‎
  16. Центразия Энциклопедические данные. Текшерилген күнү 31 -декабрь (бештин айы) 2015. Түп булактан архивделген күнү 12 -декабрь (бештин айы) 2015.

Шилтемелер

түзөтүү