Алгебранын негизги теориясы

Алгебранын негизги теориясы - комплекстик коэффициенттүү алгебралык а0хп+ а1хп-1+ ... + аn=0 теңдеменин комплекстик тамыры бар экендиги жөнүнүдөгү теорема. Ал төмөнкүчө айтылат: чыныгы коэффициенттүү ар кандай көп мүчөнү чыныгы коэффициенттүү сызыктуу жана квадраттык көбөйтүүчүлөрдүн көбөйтүндүсүнө ажыратууга болот. Бул теореманы биринчи жолу Р. Потье (1608), А. Жирар (1629), Р. Декарт (1637) айтып, аныктамасын Л. Эйлер менен К. Маклероң тактап, азыркыга эквиваленттүү формага келтиришкен.


Колдонулган адабият түзөтүү

  • Математика: энциклопедиялык окуу куралы/ Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, - 2004