Алдаш Молдо, Алдаяр Жээнике уулукыргыз эл агартуу ишин баштоочулардын бири, жазма акын, «замана» агымынын өкүлү. Ал 1874-жылы Жети-Өгүз аймагындагы Ак-Кочкор айлында туулган. Медресени бүткөндөн кийин айлында көчмө мектеп уюштуруп, балдарды окуткан. «Шайлоо» (1905-ж.) аттуу поэма, «Баракан жөнүндөгү баян» (1912-ж.) деген чыгарма жазган. Анын көрүнүктүү чыгармасы — «Хал заман» (1914-ж.). 1916-жылы «Үркүн» деген поэма жазган, анда кыргыз элинин муң-зары бир кыйла реалдуу сүрөттөлөт. Алдаш Молдонун ырлары эл арасында колдон колго өтүп окулган.

Алдаш Молдо 1930-жылы Ысык-Көл кылаасында дүйнөдөн кайткан.

Айрым шилтемелер түзөтүү