Алдаяр тоосу Академик Адышев кырка тоосунун түштүк батышында,Кызыл-Суу жана Ийри-Суу сууларынын аралыгында түндүк-чыгыштан түштүк-батышка 21 кмге чейин созулуп жатат. Туурасы 5-6 км. Орточо бийиктиги 2600-2700 м,эң бийик жери 2896 м.

Жону негизинен тайпагыраак, аска-зоолор жокко эсе. Тоо капталдары тик, кокту-колоттуу. Капталдарында талаа, шалбаалуу талаа, шалба жана суйрек токойлуу бадал өсүмдүктөрү басымдуу. Айрым жерлери чабынды, негизинен жайыт катары пайдаланылат.

Колдонулган адабият

түзөтүү
  • ...