Алдына түшүү
Алдына түшүү - кыргыздардагы күнөөнү мойнуна алып, кечирим суроонун байыркы салты. Алдына түшкөн киши мал же баалуу буюм, белек-бечкек тартуулаган. Алдына түшүүнүн шарттары ар кандай болуп, анын бир канчалаган түрлөрү белгилүү. Мисалы, келинди качырып алса, кыздын ата-энесине барыш үчүн мал-мүлкүн тартуулап, кудалардын алдына айыпка жыгылат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- О.Каратаев, С.Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк.Бишкек. "Бийиктик" - 2005-ж. ISBN 9967-13-159-4
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|