Александр I - (12. 12. 1777, Санкт-Петербург 19. 11. 1825, Таганрог) - Россиянын императору (1801-25). Павел Інин тун уулу. Бийликке келген алгачкы жылдары кеңешчиси М. М. Сперанский жана Жашыруун комитет тарабынан иштелип чыккан либералдык реформаларды (министрликтер түзүлгөн, Мамлекеттик совет уюштурулуп, Харьков, Казан университеттери ачылган) ишке ашырган. 1812-ж. Ата-Мекендик согушунун башталышында аракеттеги армияда болуп, колбашчы боло албагандыктан, коомчулуктун кысымы менен Михаил Кутузов башкы командачылыкка дайындалган. Бул согушта орустардын жеңишке жетишкендигине байланыштуу, 1813-1814-ж. Александр I Европадагы мамлекеттердин антифранцуздук коалициясына башчылык кылат. 1814-1815-ж. Вена конгрессин жетектеген жана Ыйык Союздун жетекчилеринин бири болгон. Александр Інин тушунда Россиянын курамына Чыгыш Грузия, Финляндия, Бессарабия, Азербайжан аймактары кошулган. Ошол мезгилде Кыргызстандын Ысык-Көл кылаасын жердеген бугу уруусу россиялык бийлик менен элчилик байланыш түзүүгө аракет жасап, 1-ирет өзүлөрүнүн өкүлдөрү Шералы бийдин уулу Качыбекти, Жакыпбек Ниязбек уулун 1813-14-ж., 2-ирет 1824-25-ж. Акымбек Олжобай уулун, Алымбек Жапалак уулун, Алгазы Шералы уулун Россияга жиберишкен. Аларды Кытай менен соодага ынтызар орус бийлик төбөлдөрү жылуу маанайда кабыл алган. Бирок, элчилердин Петербургга баруу жана императорго жолугуу өтүнүчү канааттандырылган эмес. Александр Інин бийлигинин соңку жылдарында крепостнойлук укукту жоюу жөнүндө долбоор иштелип чыккан, бирок ал Александр IIнин тушунда 1861-ж. гана ишке ашкан. Александр I Таганрогдо күтүүсүздөн көз жумган, бирок эл арасында ал Сибирге жашырын барып, кечил болуп кеткен деген имиш сөздөр тараган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү