Ыйык союз - Наполеон Iнин империясы кулагандан кийин Вена Конгрессинин (1814-1815) чечимдерин кыйшаюусуз аткаруу менен революциячыл жана улуттук-боштондук кыймылга каршы күрөшүү үчүн 1815-ж. 26-сентябрда Парижде Австрия, Пруссия жана Орусия монархтары түзгөн реакциячыл союз.

1815-ж. 19-ноябрда ага Франция королу Людовик XVIII жана европалык бир топ мамлекеттердин монархтары кошулган. Ыйык союзга Улуу Британия кошулбаганы менен бир катар маселелер боюнча аны колдогон. Ыйык союздун 1820-ж. Троппауда, 1821-ж. Лайбахта, 1822-ж. Веронада өткөн конгресстери Австриянын Неаполдогу (1820-21) жана Пьемонттогу (1821) революцияны басуусуна, Франциянын Испаниянын ички ишине кийлигишип, анда абсолютизмди калыбына келтирүүсүнө санкция берип, монархиялык бийликти коргоп турган. Бирок Ыйык союзга кирген мамлекеттердин ортосундагы карама-каршылыктар барган сайын күчөп, 1820-30-жылдарда Европада болгон революциячыл кыймыл ага катуу сокку уpуn, жоюлушуна алып келген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.