Алекси Клод Клеро
Алекс Клод Клеро (1713-1765)
Alexis Claude Clairaut | |
Туулган жылы: |
7.5.1713 |
---|---|
Туулган жери: | |
Каза болгон жылы: |
17.5.1765 |
Каза болгон жери: | |
Өлкө: | |
Илимий чөйрөсү: | |
Белгилүү окуучулары: |
Илимий жолу
түзөтүүПарижде математиктин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Алекс 13 жашка чыкканда геометрия боюнча биринчи илимий эмгек жазып, Париж академиясында доклад кылат. Үч жылдан кийин "Кош ийри сызыктардын ийрилиги жөнүндө" деген эмгеги жарыяланып, Академиянын мүчөлүгүнө кабыл алынат. Алекстин колдоочулары Базелге барып, Иоганн Бернуллиден сабак алууну сунуш кылышат. Үч жылдан кийин 20 жашка чыкканда Академиянын адъюнкту (кичи академик) болуп шайланат, Парижде Клеро менен Мопертюнин ортосунда Жердин уюлдары кысылганбы же чоюлганбы деген кызуу талаш пайда болот. Мопертю Лапландияда меридиандын жаасынын узундугун ченөөгө экспедиция уюштуруп, ага Клеро да катышат. Ченөөнүн жыйынтыгы Клеронун пайдасына чечилип, Лапландиядан (Финландия) кайткандан кийин Академиянын анык мүчөсү деген наам алат.
Жер фигурасынын теориясы
түзөтүүЖердин формасы тууралуу талаш тартыштар илимий коомдордун көӊүл борборунда турган. Клеро Жердин түзүлүшү бир тектүү эмес деп эсептеп, бир нече жөнөкөйлөтүүлөрдөн кийин бул теӊдеменин чыгарылышын "Жер фигурасынын теориясы" деген китебинде 1743-ж. жарыялаган. Клеронун теӊдемелеринин чыгарылышы бул маселени чечүүнүн башталышы гана эле, Айланган планетанын фигурасы жөнүндө маселени Пьер Лаплас, Анри Пуанкаре чечүүгө аракеттенишкен. Эӊ жакшы вариантын XX к. орус математиги А.М. Ляпунов сунуш кылган. Бул маселелердин башталышында Клеронун теӊдемеси туруп, бир нече интеграл-дифференциалдык теӊдемелердин чынжыры менен чыгарылган. Планеталардын формасы боюнча маселелерди чечүүдө Клеронун теӊдемеси азыркы кезде да классикалык маанисин жоготкон жок.
Адабият
түзөтүү- Астрономия илиминин өнүгүшү. – Мамбетакунов Э., Калыбеков А. – Ж.Баласагын атындагы КУУ, Бишкек, 2014. – 240 б.
Калып:Math-bio-stub Калып:Astronomer-stub Калып:Physicist-stub Калып:Scientist-stub