Алкилсульфаттар
Алкилсульфаттар - алкилкүкүрт к-талары техникалык аталышы. Жалпы формуласы: ROSO3M. R - биринчилик же экинчилик радикал, M = Na, NH4+, триэтиламмоний. R= C10-C18 болгон А. эң маанилүү бирикмелер. Сууда эригенде коллоиддик эритмени пайда кылат жана алар - аниондук беттик активдүү заттар. Биринчилик алкил радикалдары бар А. биринчилик май катарындагы спирттерди SO32-, H2SO4, SO2CI, NH2SO3H таасиринде сульфирлеп, алынган алкилкүкүрт к-таларын андан ары нейтралдаштыруудан:
ROH + SO3 ROSO3H + Q ROSO3H + NaOH ROSO3Na + H2O Күкүрт к-тасын же олеумду колдонгондо, реакция кайталанма болот, ошондуктан реакцияны к-таны 2 же 3 эсе ашыгы менен aлып, 35-550С жүргүзүлөт. NH2SO3H таасир эткенде алкилкүкүрт к-таларынын аммоний туздары пайда болот:
250оC
ROH + NH2SO3H -- NH4OSO3R Спирттер төмөнкү өкүлдөрүн сульфирлөө реакциясын спирт чөйрөсүндө, жогорку өкүлдөрүн сульфирлөөдө эриткич катарында СHCI3, CCI4, тетрахлорэтилен колдонулат. А. анча уулуу эмес, эң жакшы жуугуч заттар, щелочь эритмелери, к-талар, шор суу таасирлерине туруктуу. Полимерлешүү реакцияларында эмульгатор катары, полимердин антиоксиданттары катары, жибекти жумшартууда колдонулат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|