Алкоголь психоздору өнөкөт аракечтиктин натыйжасында пайда болот.

Алкоголь психоздору катуу кармама жана өнөкөт түрүндө өтөт. Ал боордун уу заттарга каршы функциясынын бузулушуна жараша өөрчүйт, андан денеде башка дарттар пайда болот жана нерв системасы бузулат. Катуу кармама Алкоголь психоздорунун ичинен алкоголдук делирий (ичкилик буулукмасы) көп учурайт.

Анын өнүгүшүнө көп ичүү түрткү берет, тынымсыз ичип жүрүп токтотуп койгондон кийин башталат. Ноокастын көзүнө ар кандай коркунучтуу нерселер көрүнөт, акыл-эстен адашып, коркуу сезими пайда болот. Делирий 3— 7 күнгө созулат, катуу уйкудан кийин акыл-эс калыбына келет. Эң оор учурларда ноокас өлүп калышы мүмкүн. Алкоголдук галлюциноздо акыл-эс ордунда болот, бирок ар кандай үндөр (үн галлюцинациясы) угулат. Катуу кармаган галлюциноз 2— 4 жума созулат, көп учурда өнөкөткө айланып кетет. Алкоголдук параноидде ноокас өзүн кимдир бирөө аңдып жүргөнүн, тоноп кеткенин, кордолгонун айтып, жөөлүй баштайт. Ал абдаарып коркуу сезими менен коштолот. Көбүнчө ичи тардык (аялына же эрине ишенбестик) мүнөздүү. Оору узакка созулушу ыктымал. Айланадагы киши үчүн коркунучтуу. Алкоголдук депрессияда көңүлү чөгүп, жабык кандык, жашыктык маанай пайда болот. Өзүн күнөөлөйт, мындай абалда алар жанын кыйып коюшу да мүмкүн. Бир нече күндөн 1 — 2 жумага созулат. Алкоголдук эпилепсия көп ичкенден делирий башталарда калтыратма түрүндө кармайт. Ичкенди токтоткондон кийин калтыроо жоголот.

Корсаков психозу адатта делирийден кийин башталып, акыл-эстин бузулушу менен коштолот: оорулуу болгон окуяны, турмуштагы көрүнүштөрдү унутуп, анын ордуна жок нерселерди же өткөн окуяларды ойлоп табат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8