Алмакүчүк, урук
Алмакүчүк уругу - сарыбагыш уруусундагы манаптын курамындагы урук[1].
Алмакүчүк айрым маалыматтарда өткөн кылымдарда жашап өткөн (болжолу, XVIII к. аягы) белгилүү инсан катары баяндалат. Изилдөөчүлөр ушул эле уруунун курамындагы убашыларды Алмакүчүк тарабынан туткундалган калмактардан таратышат[2].
Санжырадагы кабарлар Алмакүчүктү Атаке баатырдын бир тууганы болгон Сатыбалды баатырдын балдарынын бири катары көрсөтөт.
Эскертүүлөр
түзөтүүКолдонулган адабияттар
түзөтүү- Каратаев О. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. — Бишкек: КТМУ, 2003. -265 б. ISBN 9967-21-621-2
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|