Алмаматов Турдубек
Алмаматов Турдубек Улуттук Коопсуздук Комитетинин Генерал майору.
- 1952-жылы Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылында туулган.
- 1969- жылы Октябрь кыштагындагы Мичурин атындагы орто мектепти,
- 1974-жылы Ош Мамлекеттик педагогикалык институтун аяктаган.
- 1985-1991-жылдары Советтер Союзунун Мамлекеттик Коопсуздук Комитетинин кызматкери болуп иштеген.
- 1991 -2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Улуттук Коопсуздук Комитетинин борбордук аппаратында жетекчилик кызматтарда, Жалал-Абад, Талас, Ош, Баткен областык Башкармалыктарынын жетекчиси,
- 2006-жылдан тартып Борбордук аппараттын жетекчиси, төраганын орун басары, биринчи орун басары болуп кызмат кылган.
- Кынтыксыз кызмат кылгандыгы үчүн бир канча сыйлыктарга ээ болгон.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|