Алмамбеттин образынын эволюциялык өнүгүшү
Параметр text не задан |
«Алмамбеттин образынын эволюциялык өнүгүшү» — Р. Сарыпбековдун монографиясы (Фр., 1977). Китеп эпостогу башкы каармандардын бири Алмамбеттин образынын алгач пайда болуу булактары, стадиялык өсүп-өнүгүшү жана калыптаныш маселелерине арналган. Эмгек «« Алмамбеттин окуясында» матриархаттык доордон патриархаттык доорго өтүү мезгилиндеги социалдык кагылыштын чагылдырылышы », «Алмамбеттин образындагы маданий каарманга таандык мифтик-фантастикалык элементтердин көрүнүшү», ««Манас» эпосунун тарыхый баатырдык эпос болуп кайрадан жаралуу мезгилинде Алмамбеттин образына кирген жаңы белгилер» деген үч баптан (главадан) жана кириш сөз, корутунду бөлүмдөрдөн турат. Иш түрк-моңгол жана башкалар элдердин фольклордук, лингвистикалык, тарыхый-этнографиялык материалдарынын негизинде салыштырма-тарыхый планда жазылган. Алгачкы булактарын энелик доордон аталык доорго өтүү мезгилиндеги социалдык конфликттерден башталган Алмамбеттин образы тарыхый-социалдык шарттардын алмашылышы менен тынымсыз эволюцияда болуп, башынан көптөгөн трансформацияланууну, алымча-кошумчаларды өткөрүп, байыркы мифтик-фантастикалык эпостун (баатырдык жомоктун) каарманынан классикалык формадагы тарыхый баатырдык эпостун каарманына айланышы изилдөөдө көрсөтүлгөн. Ошондой эле каармандын ысмынын этимологиясы талкууга алынат.
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|
Колдонулган адабияттар
түзөтүү"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4