Алмаштырбас амин кислоталары
Алмаштырбас амин кислоталары – дайыма белок курамында кездешүүчү адам жана жаныбарлар организминде синтезделбеген амин к-талары. Мындай амин к-талар – валин, лейцин, фенилаланин, треонин, лизин, триптофан жана башка кирет. А. а. к-дагы көмүртек атомунун окистенүү даражасы – алмаштыруучу амин к-таларга салыштырмалуу оң зарядда болушат. Эгерде жаныбарлардын азыгында бир же бир нече А. а.к. жетишсиз болсо, алардын нормалдуу өнүгүшү бузулат, себеби организмде белок синтезделүү деңгээли төмөндөйт. Азык заттарга А. а.к-ды кошкондо айыл чарбасынын эффективдүүлүгү жогорулайт. Мис., 0,2-0,5 % лизинди кошкондо канаттуулар жана чочко чарбачылыгы өндүрүмдүүлүгү 10-13 % жогорулайт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|