Алмата облусу - Казакстан Республикасынын түштүк-чыгышында. 1932-ж. 10-мартта түзүлгөн. Аянты 104,7 миң км2. Калкы 1631,7 миң (1998), шаар калкы 30,3% , облустун курамында 16 административдик район, 3 шаар, 6 шаарча бар. Борбору - Алмата шаары. Түштүгүн Теңир-Тоо (бийиктиги 973 мге чейин), түндүгүн Балкаш бою чөлү ээлейт. Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы -10°С, июлдуку 24°С. Жылдык жаан-чачыны 100 ммден (чөлдөрдө) 1000 ммге (тоолордо) чейин. Тоо этегинин климаты жумшак; январдын орточо температурасы -3...-6°С, жылдык жаан-чачыны 7001000 ммге чейин. Башкы дарыясы - Иле. Түндүк батышында Балкаш көлү жайгашкан. Минералдык булактар кездешет. Шыбак-баялыштуу, шор топурактуу жарымчөл жана чөл бийиктеген сайын коңур топурактуу кургак талаага өтөт. Тоолордо токой, субальп жана альп шалбаасы өсөт. Негизги өнөр жай тармактары: оор машина куруу жана металл ишгетүү, жеңил (текстиль, трикотаж булгаары-бут кийим ж. б.), тамак-аш (ун тартуу, май чыгаруу, консерва), эт комбинаты. Иле дарыясына Капчыгай ГЭСи курулган. Маанилүү өнөр жай борбору Алмата, Талгар. Сугат дыйканчылыгы өнүккөн. Эгин (негизинен буудай), кант кызылчасы, тамеки, жүгөрү айдалат. Жемиш багы, жүзүм өстүрүлөт. Кой, жылкы, төө чарбалары бар. Уй чарбасы эт багытында. Балкаш көлү менен Иле дарыясында балык кармалат. Балкашта жана Иледе кеме жүрөт. Бухара Ташкен - Бишкек - Алма Ата газ кууру курулган.

Алмата облусу
каз. Алматы облысы
Белгиси
Белгиси

Алмата облусу картада

Өлкө:

Казакстан

Абалы:

Облус

Акимий борбору:

Талдуукоргон

Түзүлгөн убакыты:

10-март 1932-жыл

Акими:

Амандык Баталов

Калкы (2015):

2 015 727[1]
(11,57 %)

Жыштыгы:

9 адам/км²

Улуттук курамы:

казактар 70,39%
орустар 14,60%
уйгурлар 7,90%
түрктөр 1,88%
башкалар 5,31% (2015ж.)[2]

Жер аянты:

223,9 миң км² (8,2 %, 4 орун)

Телефон коду:

728 xxx-xx-xx

Почта индекстери:

04xxxx

Унаа коду:

05

Расмий сайты
Алмата облусу Викиказынада

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. 2015-жылкы 1-январга Казакстан Республикасынын облустары, шаарлары жана райондору боюнча калктын саны
  2. 2015-жыл башына Казакстан Республикасынын калкынын жекелеген этностору боюнча саны