Алп Сол
Кенжеайым
Алп Сол Тепек 𐰀𐰞𐰯 𐰽𐰆𐰞 𐱅𐰇𐰯𐰅𐰚[1] | ||
| ||
---|---|---|
820 — 847 | ||
Дини: | Теңирчилик | |
Каза болгон жылы: | 9 кылым | |
Каза болгон жери: | Тыва | |
Уруусу: | Ажо | |
Кесиби: | Тархан |
Алп Сол Тепек[2] — IX кылымдын биринчи жарымында жашаган Энисей Кыргыз Кагандыгынын тарханы.[3]
Алп Сол - 9-кылымдын кыргыз кол башчысы жана элчиси.
840-жылы кыргыз каганынын уйгур мамлекетине жасаган чоң казатында анын колунун сол канатын жетектеген жана Энесайдагы Улуу Кыргыз империясын негиздөөгө чоң салым кошкон.
843-жылы март айында кытайдын Тан династиясынын императоруна элчи катары барган. Кытай жыл баяндарында: “841-жылы такка олтурган император Вуцзун алыскы кыргыз каганынан келген элчиге абдан ыраазы болуп, Бо-Хайдан келген элчиден жогору, төргө олтургузду”- деп баяндалат. Кыргыз каганынын аскер башчысы, ишенимдүү элчи Кытайдан жеңилген уйгурлардын тагдыры жөнүндөгү саясий иштерден сырткары, соода-экономикалык карым-катнашты кайра жандандыруу үчүн барган. Буга жооп катары кытай императору өзүнун элчилерин бир нече ирет кыргыздарга жөнөткөн.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- ↑ Аскар Акаев. Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана «Манас» элдик эпосу. — Litres, 2022-05-15. — 492 б.
- ↑ Миркасым Абдулахатович Усманов, Рафаэль Сибгатович Хакимов. Татарлардын байыркы доорлордон берки тарыхы: Байыркы доордогу Евразиянын талаа элдери. – “Рухият” басмасы, 2002. – 600 б.
- ↑ С. Г. Кляшторный, Д. Г. Савинов. Кенжеайымid=QXg_AQAAIAAJ&q=%D1%82%D0%B0%D0%B1%D1%83+%D1%85%D1%8D%D1%86%D0%B7%D1%83&dq=%D1%82%D0%B0%D0%B1%D1%83+%D1%85%D1%8D%D1%86%D0%B7%D1%83&hl=ru&newbks=1&newbks_redir=0&source=gb_mobile_search&sa=X&ved=2ahUKEwj3iru-itn-AhU1lMMKHclkBpAQ6wF6BAgFEAU#%D1%82%D0%B0%D0%B1%D1%83%20%D1%85%D1%8D%D1%86%D0%B7%D1%83 Байыркы Евразиянын талаа империялары. - Санкт-Петербург мамлекеттик филология факультети. Университет, 2005. – 382 б.