Алтын жалатуу (англ. golding, фр. dorage, нем. vergolduing). 1. Курамынын 10–12%и таза алтындан турган керамикалык боёк. «Суюк» жана күкүм сымал алтындын жана башка баалуу металлдардын (күмүш, платина) препараттары бар. Алтын боёк 1825-ж. Массейнде (Германия) ойлонуп табылган жана Россияга Европадан алынып келинген. 2. арх-ралык фрагменттерге (капитель, консоль ж. б.) же предметтерге алтын жалатууда төмөнкү түрлөргө бөлүшөт: муздак алтын жалатуу (алтын чаң бүртүкчөлөрүн сүртүү); алтын амальгама менен алтын жалатуу (бул алтын менен сымаптын кошундусу, муну менен Россияда Исаакий соборунун мунарасы жасалган); оттуу алтын жалатуу (алтын паводка) – амальгама менен жабылган сүрөттү ысытуу (Суздалдагы Богородица соборунун түштүк, батыш эшиктери кооздолгон); барактагы алтын жалатуу – сусаль алтынынын жука баракчаларын чаптоо – атайын кошундудагы алтындын гальваникалык чөгүүсү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү