Алунит (фр. alun, лат. alumen - (квасцы) ачык таш) - татаал сульфаттар тобуна кирүүчү минерал. Химиялык формуласы KAl3[SO4]2(OH)6. Тригон сингониясында кристаллданат. Өңү ак келип, кээде ага бозомук же саргыч жана кызгылт түстөр кошумчаланып турат. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 3,5-4, тыгыздыгы 2820 кг/м3. С. салмагы 2,58-2,75. Калийлүү талаа шпатынан турган жанартоо тектерине күкүрт кычкылдуу гидротермдик эриндилеринин жана алюминий оксидине бай тоотектерге жербетиндеги сульфаттуу суулардын тийгизген таасиринен пайда болот. Алуниттүү тоотектерден алюминий оксиди, калий туздары ж. б. алынат. Негизги компоненти алунит кен ташы (рудасы).

Колдонулган адабияттар түзөтүү