Ажыбек Алчикен уулу, Ажыбек датка (болжол менен 1770—80-ж., Талас өрөөнү — болжол менен 1844—45-ж., ошол эле жер) — Талас өрөөнүндө жашаган уруулардын чоң манабы. Өзү алакчын уруусунан чыккан. Атасы Алчикен айтылуу баатыр адам болгон.

Ажыбек элге күйүмдүү болуп, бийлигин калыстык менен жүргүзгөн. Ажыбек, бир жагынан, кол алдындагы калкты ички-тышкы душмандардан коргоп, элдин көз каранды эместигин сактап калууга аракеттенсе, экинчи жагынан, ал уулдары менен бирдикте Кокон хандыгына да кызмат өтөп, алардын ишенимине, колдоосуна ээ болууга умтулган. Хандык тарабынан 1838-ж. датка даражасы ыйгарылып, өрөөндүн элин башкаруу укугу берилген. Ажыбек Кокон хандыгын бийлөөчү чөйрөдө таасири чоң кыргыз төбөлдөрүнөн болгон. Сан жылкысы болуп, 40 жигит кармаган. Ал Талас, Кетмен-Төбө, Чаткал, Аксы өрөөндөрүндөгү кыргыздарды уюштуруп, хандыкта кыргыздардын башкаруусун орнотуу үчүн Шераалыны такка огургузуу төңкөрүшүн жетектегендердин бири болгон.

Ажыбектин калк арасындагы чоң кадыр-баркынан, беделинен чочулап жана бузукулардын тилине кирген Шераалы хан аны өлтүрткөн. Ал каза болгондон кийин Талас өрөөнүнүн калкын анын уулу Нурак датка (аны Кудаяр хан даргага астырган), андан кийин небереси Кыдыралы датка (1826—1889) башкарган. Ал Чоң-Капкадан (Киров суу сактагычы) тоо этектей Кара-Ойго чейин канал каздырып, Талас суусун эгин талаасына пайдаланган. Бул арык азыркыга чейин пайдаланууда. Чөбөрөсү Эшенкул ажы (1868—1933) да элге барктуу, алымдуу адам болуп, дайыма болуш шайланган. Айылга мечит салдырып, молдо алдырып балдарды окуттурган.

Көркөм адабиятта

түзөтүү

Ажыбектин образы Т. Касымбековдун «Сынган кылыч» тарыхый романында кеңири чагылдырылган.

Масалбек Кыдыралы уулунун - «Ажыбек датка» дастаны.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Талас облусу энциклопедия.
  • Бишкек-1995-ж.