Шераалы хан (1792–1845) – 1842–45-жылы Кокон хандыгын бийлеген хан.
Кокон бийлөөчүсү Нарбото бийдин иниси Хажи бийдин уулу. Атасы Хажи бий Алим хан менен бийлик талашуу учурунда өлтүрүлгөн. Балдары Шераалыны жана Улугбекти сактап калуу үчүн энеси Умсунай, Таластагы төркүндөрүнө качууга аргасыз болгон. Шераалы Чаткал, Талас аймагында чоңойгон.
Эрезеге жеткенде саруу уруусунун бийи Асперди датка кызы Жаркынайымды жээни Шераалыга алып берген. Мадали хан өлтүрүлгөн соң, Талас, Чаткал, Аксылык кыргыздардын колдоосу менен 1842-жылы ак кийизге салынып, хан көтөрүлгөн.
Шераалыны хан көтөрүүдө Ажы датка, Сейдаалы бек, Нүзүп бийдин ролу чоң болгон. Шераалы хандын Коконго хан болушунан тартып, хандык жоюлганга чейин (1876) ордодо көчмөн кыргыз, кыпчак урууларынын төбөлдөрүнүн таасири жогорулаган. Нүзүп бийдин өлтүрүлүшү менен миңбашылык кызмат жана ордодогу чечүүчү роль Мусулманкулдун колуна өткөн.
Шераалы хан 1845-жылы Мусулманкулдун Оштогу кыргыздардын көтөрүлүшүн басуу үчүн кеткендигинен пайдаланган Мусулманкулга нааразы саясий топ тарабынан өлтүрүлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003