Алчыкуртка, урук
Алчыкуртка уругу - солто уруусунун курамындагы урук.
Этноним тууралуу
түзөтүүЭтнонимдин параллели казактарда “алжын/алчын” формасында кездешет[1]. Алшын (алчындар) деген ат менен казактын кичүү жүз уруулук тобунун жалпы аталышы да маалым. Казактын алгачкы тарыхчысы М.Тынышпаев теги байыркы алшындарды хакастардын курамындагы кызылдардагы (хы-зыл) “чоң ачын”, “кичүү ачын” уруктары менен байланышта карайт[2]. Болжолу, бул уруктун энчилүү аты соңку учурларда фонетикалык айрым өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Бүгүнкү хакастарда “ачыг” (улуг ачыг, кичиг ачыг) аттуу теги Энисей кыргыздарына таандык экендиги ырасталган уруктун (сөөк) өкүлдөрү бардыгы белгилүү[3].
Деген менен, этнонимдин биринчи компонентинин аталышы алшын, алчын этнонимдерине жакын кароого болот. Алчы + н: Сөз жасоочу -н мүчөсү түшүп калуусу да мүмкүн. Бул мүчө ( -н /- а н /- е н /; -ын/-ин; -үн/-ун) байыркы түрк тилдеринде көптүк маанини билдирген[4]. Урук аталышынын экинчи компоненти “Qurtya” - байыркы түрк тилдеринде “улгайган кемпир” маанисин билдирген[5].
Эскертүүлөр
түзөтүүКолдонулган адабияттар
түзөтүү- Каратаев О. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. — Бишкек: КТМУ, 2003. -265 б. ISBN 9967-21-621-2
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|