Алыбаев, Жолболду Парпиевич

Алыбаев Жолболду Парпиевич (1947-жылы туулган, Ош облусу, Өзгөн району, Зергер айылы) — обончу, ырчы, акын, дастанчы. Орто мектепти аяктагандан кийин Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык факультетин бүтүргөн (1965). Анын обон чыгарууга болгон ышкысы институтта окуп жүргөндө башталып, обончу, композитор Р. Абдыкадыровдун чыгармаларын аткаруусу жана анын жеке өзүнөн таалим-тарбия алуусу ага чыгармачылык түрткү берген.

Алыбаев Жолболду

1970–2000-жылдары Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык окуу жайында, маданият техникумунда, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окутуучу болуп эмгектенген.

2000-жылдан Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинде окутуучу, Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясында артист болуп эмгектенип келет. 2002-жылдан Ош мамлекеттик университетинин доценти. 100гө жакын обондорду жараткан. «Караматхан», «Сүйгөнүмө» сыяктуу ондогон обондору Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып алынган.

Ал 15–20 жылдан бери санат айтуучу, дастанчы, термечи катары Барпы Алыкуловдун сөзүнө жазылган «Өзгөчөм», «Мырзайым», «Буракжан», «Жарга жыгылса суу», Жеңижоктун «Кѳк сулуу», «Балам жок», Корголдун «Сен, сен дүйнѳ», Молдо Нияздын «Даткайым», Нурмолдонун «Ѳмүр», элдик «Акжамал», өзүнүн сөзүнө жазылган «Чолпонум» жана башка ыр, дастандарды аткарып келет. Калыгулдун «Тар заманын» ырчылардын ичинен алгачкылардан болуп калк алдына ырдап чыккан. Аккордеондун, комуздун коштоосунда «Туулган жерге», «Дилбар ай», «Кыздар», «Ѳзбек кызына», «Кош алма», «Арман», «Рыспайга кат» деген ырларын жогорку чеберчиликте элге тартуулап келет. «Гүлазык», «Чолпонум» аттуу ырлар жыйнактары жарык кѳргѳн. Ал ыр, санат, дастан, термелерден турган эки жыйнактын автору. Облустук, республикалык ар кандай деңгээлдеги кароо-сынактарга, фестивалдарга такай катышып, лауреат болгон. Сирия, Иордания сыяктуу чет өлкөлөрдө чыгармачылык сапарда болгон. 1983-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, 1995-жылы «Манас–1000» медалы менен сыйланган. 1993-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти», 2003-жылы «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамдары ыйгарылган. Медалдар менен сыйланган.

Аткарылып жүргөн чыгармалары түзөтүү

  • «Караматхан» с. Ж.Алыбаевдики
  • «Сүйгөнүмө» с. Ж.Алыбаевдики
  • «Өзгөчөм» с. Б.Алыкуловдуку
  • «Мырзайым» с. Б.Алыкуловдуку
  • «Чолпонум» с. Ж.Алыбаевдики ж.б.

Дисктери түзөтүү

Жолболду Алыбаев ырдайт 20, компакт-диск, 2010.

Ноталуу китептери түзөтүү

  • Чолпонум: Обондуу ырлар. – Б., 1997.
  • Дастан: Ырлар, обондуу ырлар, – Ош, 2007.

Колдонулган адабияттар түзөтүү