Алымбектин санжырасы, кыргыз санжырасынын бир бөлүмү. Белгилүү манап Акылбеков Алымбек тарабынан айтылып, аны уулу Тургунбек (Тургунбай) кагаз бетине түшүрүп, 1949-ж. Кыргыз Улуттук академиясынын Кол жазмалар фондуна тапшырган. Санжырада XVIII кылымда Маматкул, Кошой, Каработо ж.б. кыргыз бийлеринин калмакты сүрүп, ата-журт, конуштарынан кайрадан орун алуу тууралуу демилге көтөрүшү, Эсенкул баатырдын Капкада жыйын кылып, түңкатар саяк, саруулар Таластын аягынан Кара-Балта чейин, солтолор Кара-Балта - Сокулук, чекир саяктар Ысык-Атадан Кегети, сарыбагыш уруулары Кеминден Үч-Алматы - Илеге чейинки жерлерден орун алуу тууралуу чечим кабыл алышы айтылат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Алымбектин санжырасы. Б., 2007.
  • Махаева А.Ш. Казак-кыргыз тарыхынан. Б., 2011.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү