Альмаден кени, 10-кылымга чейин Сисапо — сымаптын дүйнөдөгү эң ири кендеринин бири. Испаниядагы Сьерра-Морена тоосунун этегинде, Мадридден 200 км түштүк-батыш тарапта. үстүңкү горизонту ачык жол менен 550 тереңдикке чейин. Жер астынан казылып алынат. Аянты 5 км2. Калган запасы 57 миң одан ашуун. Кен (б. з. ч. 1-миң жылдыктын аягынан) белгилүү. 10-кылымга чейин киноварь (кызыл) боёгун алуу үчүн иштетилип, 1499-жылдан сымап алынат. Кен орун алган аймакта палеозой заманынын башында пайда болгон жана ири бүктөлүүлөргө, жылышууларга дуушарланган сланецтердин, кумдуктардын, кварциттердин, акиташтегинин катмарлары менен кайнозойдун диабаз, кварц порфирлери кезигет. Кен узундугу 20 км келген тилкеде кварциттердин арасынан орун алып, катарлаша жаткан 3 кенташ (руда) кабаттарынан турат. Алардын калыңдыгы 8-12 м, узундугу 300-500 мге жетет. Кенташ негизинен кварц менен киновардан турат. Альмаден кени герцин металлогениялык доордо пайда болгон гидротерм кенине кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү