Альпинист мөңгүсү

Альпинист, мөңгү‎»‎ барагынан багытталды)

Альпинист мөңгүсүБорбордук Теңир-Тоодогу төр-өрөөн тибиндеги мөңгү. Кайыңды кырка тоосунун чыгыш учунун түштүк капталында. Узундугу 5,6 км, аянты 3,5 км2. Теректи суусунун (Көйкаптын куймасы) башында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5520 м, этеги 3940 м бийиктикте жайгашкан. Кар чегинин бийиктиги 4510 м. Абляция облусунун аянты 1,2 км2. Мөңгү күнгөйдө жайгашкандыктан тез эрип, тартылууда. Калың этек моренасы негизги мөңгүнүн четине чейин созулуп жатышы, мурда ал Көйкап мөңгүсүнөн бир тармагы болгондугун айгинелейт. Андан башталган суу Көйкап мөңгүсү аркылуу Теректиге куят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү