Альпинист мөңгүсү
Альпинист мөңгүсү – Борбордук Теңир-Тоодогу төр-өрөөн тибиндеги мөңгү. Кайыңды кырка тоосунун чыгыш учунун түштүк капталында. Узундугу 5,6 км, аянты 3,5 км2. Теректи суусунун (Көйкаптын куймасы) башында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5520 м, этеги 3940 м бийиктикте жайгашкан. Кар чегинин бийиктиги 4510 м. Абляция облусунун аянты 1,2 км2. Мөңгү күнгөйдө жайгашкандыктан тез эрип, тартылууда. Калың этек моренасы негизги мөңгүнүн четине чейин созулуп жатышы, мурда ал Көйкап мөңгүсүнөн бир тармагы болгондугун айгинелейт. Андан башталган суу Көйкап мөңгүсү аркылуу Теректиге куят.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргызстандын географиясы Archived 2014-07-14 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|