Альтернатива (саясат)

Альтернатива‎»‎ барагынан багытталды)

Альтернатива (саясатта)- (фр. alternative, лат. аlter – экөөнүн бири) эки же бир нече өз ара бирин-бири танган мүмкүнчүлүктөрдүн ортосунда тандоо зарылчылыгынын келип чыгышы, саясатта жана саясий ишмердүүлүктө да бирин-бири танган мүмкүнчүлүктүн пайда болушу. Альтернатива тарыхый көз караштан улам келип чыккан, бирок убакытка социалдык ишке ашпаган мүмкүндүк (абстрактуу жана конкреттүү, формалдык жана чыныгы, түздөн-түз жана перспективалуу) катары чыгат. Демек, убакыт факторунун көз карашында Альтернатива динамикалык субстанция катары каралышы керек. Альтернативдүүлүк менен бүткүл дүйнөлүк коомчулук сыяктуу эле, анын айрым региондору менен өлкөлөрүнүн, түрдүү социалдык-саясий институттарынын, коомдук уюмдар жана кыймылдардын, ошондой эле саясаттын субъекттеринин: мамлекеттердин, таптардын, саясий партиялардын жана саясий ишмерлердин өнүгүүсү байланышкан. Альтернивтиванын чыгуусу коомдук процессте солчул радикалдыктан ультра оңчулдарга чейинки карама-каршы күчтөрдүн катышуусу менен байланышкан. Себеби, алардын бардыгы өзүлөрүнүн өзгөчөлүктөрү, башка тараптар үчүн дал келбеген саясий максаттар, программалар жана аларды жүзөгө ашыруу үчүн каражаттары менен чыгышат. Альтернатива барыдан мурда социалдык өнүгүүнүн бурулуш мезгилдеринде, тарыхый мыйзам ченемдүүлүктүн ишке ашыруу процессинде альтернативдүүлүктө камтуунун зарылчылыгы сезилген кыйын учурларда пайда болот. Мындай мезгилдерде коомдун социалдык бир типтүүлүгү жогорулайт; анда түрдүү, кээде карама-каршы максаттарга жетүүгө умтулган фракциялар, страттар, партиялар жана кыймылдар өсөт. Түрдүү багыттагы эл массаларынын, адамзат биримдиктеринин жана индивиддердин альтернативдик издөөгө айландырган социалдык-экономикалык жана саясий механизмдердин болушун шарттаган мыйзамдардын коомдо аракет кылуусу саясий турмушта альтернативдүүлүктүн түп-тамырынан берки объективдүү себептери болуп саналат. Альтернатива – коомдук өнүгүүнүн көп варианттуулугу. Альтернативдүүлүк – прогрессивдүү, алдыңкы катары, же регрессивдүү, артта калган, же радикалдуу багыттоо сапатында сунуш кылынат. Учурдагы саясаттын альтернативдик талаасы ар тараптан анализдөө жана түрдүү деңгээлдеги чечимдерди талап кылган маселелерди өзүнө камтыйт. Дүйнөлүк саясатта Альтернатива топтору өзгөчө мааниге ээ болууда. Алардын пайда болушу учурдун башкы коркунучтары: ядролук согуш жана курал-жарактардын атаандааштыгы менен байлашышкан. Аларга тынчтыкта өнүгүү, жалпы коопсуздук, ядросуз, зордук-зомбулуксуз тынчтыкты куруу Альтернатива болуп чыгат. Коомдук прогресстин, адамзаттын цивилизациялык жана формациялык өнүгүүсүнүн карама-каршылыктары менен пайда болгон Альтернатива зор мааниге ээ болууда. Экологиялык саясатта тийиштүү Альтернатива топтору, адамзаттын курчаган табигый чөйрөсүнөн бузулуусунун катастрофалык натыйжалары менен шартталган. Улуттук мамлекеттердин чегинде Альтернатива маанилүү даражада глобалдык жана регионалдык проблемалардын чечилиши менен байланышкан. Бирок алар түздөн-түз берилген өлкөнүн шарттарынын жана өзгөчөлүктөрүнүн жыйындысын чагылдырат. Альтернативаны колдонуу илимий негиздөөнү жана саясий иштерди чебер алып барууну, анын ичинен жалпы макулдукка же саясий компромисске жетишүү үчүн диалогдун жардамын талап кылууда.


Китептин маалыматтары: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9