Алюминий ачык таштары
Алюминий ачык таштары – алюминий сульфаты жана кээ бир бир валенттүү металлдар сульфаттарынан пайда болгон туздар. Жалпы формуласы: R2SO4Al2(SO4)324H2O (R - K, Na,NH4 жана башкалар). А. а. т. – комплекстик бирикм болгондуктан, алардын формулалары көпчүлүк учурда төмөндөгүдөй жазылат: R{Al(SO4)2}12H2O. А. а. түссүз кристаллдар, сууда жакшы эрийт. Эң кеңири тараганы алюминий-калийлүү ачыкташ K2SO4Al2(SO4)324H2O. А. а. т. Боксит же чопону ысык Н2SO4 менен иштетип, пайда болгон эритмеге К2SO4 кошуп алынат. Ачык таштар нымды өзүнө тартып албайт, ошондуктан аларды пайдалануу өтө ыңгайлуу. А. а. т. ө ж-да кездеме боедо, тери өңдөөдө, кагаз өндүрүүдө, медицинада антисептик катары колдонулат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|