Алюминий сульфаты, Al2(SO4)3 – күкүрт к-тасынын алюминий тузу. Түссүз, орторомб кристалл; тыгызд. 2,7 г/см3. 580оС жогорку темп-рада g- Аl2О3 жана SO3 чейин ажырайт. Сууда жакшы (100 г сууда 38,5 г Al2(SO4)3, спиртте начар эрийт. Гигроскопиялык каисетке ээ. Кадимки шартта Al2(SO4)18Н2О кристаллогидраты туруктуу, түссүз, моноклиндик торчолуу, эрүү темп-расы 86,5оС (ажырайт), тыгызд. 1,690 г/см3. 1500Сде 4Н2Осун, 160оСде 8Н2О, 250оСде 15Н2О, 420оС толугу менен суусун жоготот. Көбүнчө бир аз суусун жоготкон, башкача айтканда курамында 14,0-14,5 мол. суу кармаган А. с. колдонулат. А. с. абадагы нымды өзүнө жакшы тартат, кадимки темп-рада щелочтуу металлдар сульфаттары, аммоний сульфаты менен квасцтарды берет. А. с. чопону, бокситти же алунитти күкүрт к-тасы менен 100-250оС иштетүүдөн алынат. Сууну тазалоодо чөктүргүч зат катары, кагаз, тери иштетүүдө, кагаз чаптоодо, квасц жана күкүрт к-тасын алууда пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү